Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
30-берене. Пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоо
Күчүндө · 28.07.2021 редакциясы · 7-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2019 года № 101
1. Фонддор пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоону мыйзамдарда белгиленген тартипте тиешелүү лицензияларды алган шарттарда өз алдынча же башкаруучу компания аркылуу жүзөгө ашырат.
2. Пенсиялык топтомдордун каражаттарын башкаруучу компанияга (башкаруучу компанияларга) өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык ишенимдүү башкаруу келишиминин (келишимдеринин) негизинде гана фонд тарабынан жүргүзүлөт.
3. Пенсиялык топтомдордун каражаттарын ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү аларга болгон менчик укугунун башкаруучу компанияга (башкаруучу компанияларга) өтүшүнө алып келбейт.
4. Пенсиялык топтомдордун каражаттарынын курамын жана түзүмүн түзүү боюнча талаптар, пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвсетициялоо жана аларды жайгаштырууну контролдоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
5. Пенсиялык топтомдордун каражаттары пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоо үчүн уруксат берилген активдерге гана инвестицияланышы мүмкүн.
6. Пенсиялык топтомдордун каражаттарын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралбаган инвестициялоо объекттерине, фондулук биржада же башка соода тутумунда бааланбаган акцияларга, облигацияларга жана башка баалуу кагаздарга, баалуу кагаздар жана башка каржылык активдер менен байланышкан туунду баалуу кагаздарга, опциондорго, фьючердик, форварддык жана башка контракттарга инвестициялоого жол берилбейт.
(КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июля 2019 года № 101 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О накопительных пенсионных фондах в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
25.07.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Фонддор пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоону кошулду: мыйзамдарда белгиленген тартипте тиешелүү лицензияларды алган шарттарда өз алдынча же башкаруучу компания алынып салынды: (башкаруучу компаниялар) аркылуу алынып салынды: гана жүзөгө ашырат.
2. Пенсиялык топтомдордун каражаттарын башкаруучу … форварддык жана башка контракттарга инвестициялоого жол берилбейт.
кошулду: (КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июлундагы № 497 "Кыргыз Республикасында пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо процессин жөнгө салуучу…Постановление · 18.07.2026 · № 497
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 590 "Кыргыз Республикасында…Постановление · 10.02.2023 · № 54 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205090/st-30" title="30-берене - Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>