# 28-берене. Ассоциациялар (бирликтер)

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205090)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-декабрындагы № 216 "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4968/edition/1075109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205090/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө, 28-берене (28.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-28

---

1. Фонддор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ассоциацияларды (бирликтерди) түзүүгө укуктуу.

2. Ассоциациялар (бирликтер) фонддордун кесипкөй иштерин натыйжалуу шарттар менен камсыз кылуу жана кардарлардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн фонддор тарабынан түзүлөт.

3. Фонддордун ассоциациялары (бирликтери) төмөнкү укуктарга ээ:

1) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мамилелерде өздөрүнүн мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын жактайт;

2) өз мүчөлөрүнүн же мүчөлөрүнүн топторунун кимисинин болбосун, ошондой эле алардын аманатчыларынын, катышуучуларынын жана камсыздандырылган адамдарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузган мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларына жана аракеттерине соттук тартипте даттанууга;

3) Кыргыз Peспубликасынын мыйзамдарында жана ассоциациялардын (бирликтердин) уюштуруу документтеринде белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга;

4) фонддордун ассоциацияларынын (бирликтеринин) уставы жана башка документтери менен белгиленген тартипте жана мезгилдүүлүктө отчеттор формасында ассоциациялар (бирликтер) үчүн алар тарабынан ачып берилүүчү өз мүчөлөрүнүн иши жөнүндө маалыматтарды жыйноону, иштетүүнү жана сактоону жүзөгө ашырууга.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-29)
