28-берене. Ассоциациялар (бирликтер)
Күчүндө · 28.07.2021 редакциясы · 6-глава
1. Фонддор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ассоциацияларды (бирликтерди) түзүүгө укуктуу.
2. Ассоциациялар (бирликтер) фонддордун кесипкөй иштерин натыйжалуу шарттар менен камсыз кылуу жана кардарлардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн фонддор тарабынан түзүлөт.
3. Фонддордун ассоциациялары (бирликтери) төмөнкү укуктарга ээ:
1) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мамилелерде өздөрүнүн мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын жактайт;
2) өз мүчөлөрүнүн же мүчөлөрүнүн топторунун кимисинин болбосун, ошондой эле алардын аманатчыларынын, катышуучуларынын жана камсыздандырылган адамдарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузган мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларына жана аракеттерине соттук тартипте даттанууга;
3) Кыргыз Peспубликасынын мыйзамдарында жана ассоциациялардын (бирликтердин) уюштуруу документтеринде белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга;
4) фонддордун ассоциацияларынын (бирликтеринин) уставы жана башка документтери менен белгиленген тартипте жана мезгилдүүлүктө отчеттор формасында ассоциациялар (бирликтер) үчүн алар тарабынан ачып берилүүчү өз мүчөлөрүнүн иши жөнүндө маалыматтарды жыйноону, иштетүүнү жана сактоону жүзөгө ашырууга.
Берененин тексти 28.07.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205090/st-28" title="28-берене - Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>