# 24-берене. Коммерциялык сыр

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205090)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-декабрындагы № 216 "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4968/edition/1075109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205090/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө, 24-берене (28.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-24

---

1. Пенсиялык эсептердеги пенсиялык төгүмдөрдүн жана пенсиялык төлөөнүн көлөмү жөнүндө маалыматтар коммерциялык сырды түзөт.

2. Фонд коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды үчүнчү жактарга берүүгө укуксуз. Көрсөтүлгөн маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда гана берилиши мүмкүн.

3. Милдеттүү пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттары жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык купуя маалыматтардын катарына кирет.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-25)
