# 22-берене. Фонддун бухгалтердик эсеби, отчеттуулугу жана аудити

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205090)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-декабрындагы № 216 "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2019 года № 101 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О накопительных пенсионных фондах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111948)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205090#diff=1075110..1075112>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4968/edition/1075109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205090/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө, 22-берене (28.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-22

---

1. Фонд бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.

2. Бухгалтердик эсепти уюштуруу бухгалтердик эсептин эл аралык стандарттарына ылайыктуу мазмундагы жана формалардагы отчетторду алууну камсыз кылуусу тийиш.

3. Фонд бухгалтердик эсепти жүзөгө ашырууда фонддун уставдык ишин камсыз кылуу үчүн арналган мүлктөрдүн, мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарын түзгөн мүлктөрдүн, корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарын түзгөн мүлктөрдүн, кесиптик пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарын түзгөн мүлктөрдүн жана милдеттүү пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарын түзгөн мүлктөрдүн аралашуусуна жол бербөөгө милдеттүү.

4. Фонд пенсиялык топтомдордун каражаттарын жана мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча тиешелүү төлөөлөрдү өзүнчө, милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча төлөөлөрдүн эсептерин өзүнчө жүргүзөт.

5. Фонд пенсиялык келишим боюнча өз милдеттерин аткарган күндөн тартып үч жылдын ичинде мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуунун пенсиялык эсептери боюнча документтердин сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.

6. Фонддун өз иши тууралуу отчет берүүсүнүн тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

7. Пенсиялык эсептердеги пенсиялык топтомдордун каражаттарын эсепке алуу үчүн фонд дайындардын маалыматтык базасын түзүүгө тийиш.

8. Фонд милдеттүү пенсиялык камсыздандыруунун пенсиялык эсептери боюнча документтердин сакталышын камсыздандырылган адамдын бүткүл өмүр бою, ал эми ал каза болгондон кийин - Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдарына ылайык пенсиялык иштерди сактоонун тартибинде каралган мөөнөттүн ичинде камсыз кылат.

9. Фонддун иши жыл сайын милдеттүү аудиттен өткөрүлүүгө тийиш.

10. Фонддун каржылык отчеттуулугуна аудит аудитордук уюм тарабынан аудитордук иш жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

11. Фонддун каржылык отчеттуулугун текшерүүнү жүзөгө ашыруучу аудитор фонддун, анын башкаруучу компаниясынын аффилирленген жагы, депозитарийи, уюштуруучулары жана кызмат адамы болушу мүмкүн эмес.

12. Аудитордук текшерүүнүн натыйжалары ыйгарым укуктуу органга берилет.

(КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-20)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-23)
