# 21-берене. Фонддордун түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205090)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-декабрындагы № 216 "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2019 года № 101 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О накопительных пенсионных фондах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111948)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205090#diff=1075110..1075112>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4968/edition/1075109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205090/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө, 21-берене (28.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-21

---

1. Фонддор төмөнкүдөй болушу мүмкүн:

1) ачык;

2) корпоративдик:

3) кесиптик.

2. Ачык пенсиялык фонд - топтолмо пенсиялык фонд, иштеген жерине жана ишинин мүнөзүнө карабастан, кандай болбосун жеке жактар анын катышуучусу боло алат.

3. Корпоративдик топтолмо пенсиялык фонддор алуучулар - ошол топтолмо пенсиялык фонддун уюштуруучусу жана акционерлери болуп саналышкан бир же бир нече юридикалык жактардын кызматкерлери үчүн түзүлөт.

4. Кесиптик пенсиялык фонд - топтолмо пенсиялык фонд, анын уюштуруучусу (уюштуруучулары) юридикалык жактардын - жумуш берүүчүлөрдүн, жеке жактардын бирикмеси, анын ичинде кесиптик бирликтердин бирикмеси боло алышат. Фонддун уставында аныкталгандай, алардын кесиптик ишинин (жумушунун) түрү боюнча байланышкан жеке жак гана андай фонддун катышуучулары боло алат.

5. Корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу жана кесиптик пенсиялык камсыздандыруу иштерин жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-2)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-3)
