# 20-берене. Фонддун эрежеси

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205090)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-декабрындагы № 216 "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2019 года № 101 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О накопительных пенсионных фондах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111948)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205090#diff=1075110..1075112>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4968/edition/1075109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205090/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө, 20-берене (28.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-20

---

1. Фонддун эрежеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык фонд тарабынан иштелип чыгат жана Фонддун директорлор кеңеши тарабынан бекитилет.

2. Пенсиялык келишимдер боюнча фонддун милдеттенмелеринин аткарылышынын тартибин жана шарттарын аныктаган фонддун пенсиялык эрежеси төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) фонд тарабынан колдонулган пенсиялык схемалардын түрлөрүнүн тизмегин жана алардын сыпатталышын;

2) фонддун аманатчылардын жана катышуучулардын алдындагы жоопкерчилиги жөнүндө жобону жана фонддун милдеттенмелеринин жаралышынын жана токтотулушунун шарттарын;

3) фондго пенсиялык төгүмдөрдү төгүүнүн тартибин жана шарттарын;

4) пенсиялык резервдердин каражаттарын жайгаштыруу багыттары жана тартиби жөнүндө жобону;

5) мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуунун пенсиялык эсептерин жүргүзүүнүн жана алардын абалы жөнүндө аманатчыларга жана катышуучуларга маалымдоонун тартибин;

6) пенсиялык негиздердин тизмегин;

7) мамлекеттик эмес пенсияларды дайындоонун жана төлөөнүн тартибин жана шарттарын;

8) пенсиялык келишимди, ишенимдүү башкаруу келишимин жана депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө келишимди түзүүнүн, өзгөртүүнүн же токтотуунун тартибин;

9) аманатчылардын, катышуучулардын жана фонддун укуктарынын жана милдеттеринин тизмегин;

10) пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоонун тартибин;

11) сатып алуу суммасын эсептөөнүн тартибин;

12) ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык фонд келишим түзгөн башкаруучу компания (башкаруучу компаниялар) тууралуу жана депозитарий жөнүндө маалыматтарды аманатчыларга жана катышуучуларга берүүнүн тартибин;

13) фонддун милдеттенмелеринин актуардык эсептерин жүзөгө ашыруунун методикасынын сыпатталышын;

14) фонддун, башкаруучу компаниянын жана депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөсүн өлчөмдөрүн аныктоонун тартибин;

15) аманатчыларга жана катышуучуларга жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалымдоо тартибин кошуп алганда, фонддун пенсиялык эрежесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартибин жана шарттарын.

3. Милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдер боюнча фонд тарабынан милдеттенмелердин аткарылышынын тартибин жана шарттарын аныктаган фонддун камсыздандыруу эрежеси төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) камсыздандырылган адамдардын алдындагы фонддун жоопкерчилиги жөнүндө жобону жана фонддун милдеттенмелеринин жаралышынын жана токтотулушунун шарттарын;

2) пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоонун шарттарын;

3) пенсиянын топтолмо бөлүгүнүн пенсиялык эсептерин жүргүзүүнүн жана алардын абалы тууралуу камсыздандырылган адамдарга маалымдоонун тартибин;

4) милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу тууралуу келишимди, ишенимдүү башкаруу келишимин жана депозитарийдин кызмат көрсөтүүсү жөнүндө келишимди түзүүнүн, өзгөртүүнүн же токтотуунун тартибин;

5) камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтомдорунун каражаттарын башка фондго же Соцфондго которуунун тартибин;

6) камсыздандырылган адамдардын жана фонддун укуктарынын жана милдеттеринин тизмегин;

7) ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык фонд келишим түзгөн башкаруучу компания (башкаруучу компаниялар) тууралуу жана депозитарий жөнүндө маалыматтарды камсыздандырылган адамдарга берүүнүн тартибин;

8) камсыздандырылган адамдарга билдирүүнүн тартибин кошуп алганда, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу фонддун камсыздандыруу эрежесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартибин жана шарттарын;

9) пенсиялык негиздердин тизмегин;

10) камсыздандырылган адамга пенсиянын топтолмо бөлүгүн дайындоонун жана төлөөнүн тартибин жана шарттарын;

11) фонддун, башкаруучу компаниянын жана депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнүн өлчөмдөрүн аныктоонун тартибин.

4. Фонддун эрежесине киргизилген өзгөртүүлөр Фонддун директорлор кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин колдонууга киртизилет. Фонддун эрежесине киргизилген өзгөртүүлөр, эмгек пенсиялары жөнүндө жана пенсиянын топтолмо бөлүгүн каржылоо үчүн пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген учурларды кошпогондо, мурда түзүлгөн келишимдерге жайылтылбайт.

5. Фонддун эрежеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка жоболорду камтышы мүмкүн.

6. Фонддун эрежеси Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келиши мүмкүн эмес.

(КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 21-берене. Аманатчылардын, катышуучулардын жана камсыздандырылган адамдардын укуктары жана милдеттери

1. Аманатчылардын, катышуучулардын жана камсыздандырылган адамдардын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамы жана башка ченемдик укуктук актылары, фонддун эрежелери, пенсиялык келишим жана милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу тууралуу келишим, корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу жөнүндө келишим, кесиптик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишим менен аныкталат.

2. Аманатчылар төмөнкү укуктарга ээ:

1) фонддон пенсиялык келишим боюнча фонддун милдеттенмелеринин толук көлөмдө аткарылышын талап кылууга;

2) фонддун алдында өздөрүнүн кызыкчылыктарын коюуга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген соттук тартипте фонддун аракеттерине даттанууга;

3) фонддун эрежесине жана пенсиялык келишимге ылайык сатып алуу суммаларын төлөөнү же аларды башка фондго которууну фонддон талап кылууга;

4) (КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Катышуучулар төмөнкү укуктарга ээ:

1) пенсиялык келишимдин шарттарына ылайык мамлекеттик эмес пенсияларды төлөө боюнча фонддун милдеттенмелеринин аткарылышын фонддон талап кылууга;

2) пенсиялык негиз пайда болгондо ушул Мыйзамга, пенсиялык келишимдин шарттарына, фонддун эрежесине жана тандалып алынган пенсиялык схемага ылайык мамлекеттик эмес пенсияны алууга;

3) фонддун эрежесине жана пенсиялык келишимдин шарттарына ылайык фонддон мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуунун шарттарын өзгөртүүнү талап кылууга;

4) фонддун эрежесине жана пенсиялык келишимдин шарттарына ылайык фонддон сатып алуу суммаларын төлөөнү же аларды башка фондго которууну талап кылууга;

5) пенсиялык схеманы тандап алууга;

6) фондду жоюуда алардын пенсиялык эсептеринде топтолгон пенсиялык топтомдорду алууга, же инвестицияланган суммаларды эске алуу менен пенсиялык эсептерде болгон каражаттарды башка фонддорго которууга;

7) Кыргыз Республикасынан тышкары жакка туруктуу жашаган жерине чыгып кеткенде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсиялык топтомдорду алып кетүүгө;

8) фонддун аракеттерине сот тартибинде даттанууга.

4. Аманатчылар төгүмдөрдү акча каражаттары менен гана фонддун эрежесинде жана пенсиялык келишимде каралган тартипте жана өлчөмдөрдө төлөөгө милдеттүү. Аманатчылар жана катышуучулар фонддун алдындагы өздөрүнүн милдеттенмелеринин аткарылышына таасир этүүчү өзгөрүүлөр тууралуу фондго билдирүүгө милдеттүү.

5. Аманатчылар жана катышуучулар Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамы жана башка ченемдик укуктук актылары, фонддун эрежеси жана пенсиялык келишим менен каралган башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.

6. Камсыздандырылган адамдар төмөнкү укуктарга ээ:

1) фонддон милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдин шарттарына ылайык милдеттенмени аткарууну талап кылууга;

2) пенсиялык негиз пайда болгондо ушул Мыйзамга, милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдин жана фонддун камсыздандыруу эрежесинин шарттарына ылайык пенсиянын топтолмо бөлүгүн алууга;

3) фонддон өзүнүн пенсиялык эсебинин пенсиянын топтолмо бөлүгүнүн абалы жөнүндө маалыматтарды алууга;

4) Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте, бирок жылына бир жолудан көп эмес башка фонд менен милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу тууралуу жаңы келишимди түзүүгө же Соцфондго өтүү жөнүндө арыз берүүгө;

5) республиканын чегинен тышкары туруктуу жашаган жерине чыгып кеткен учурда пенсиялык топтомдорду алып коюуга;

6) өзүнүн пенсиялык топтомдорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мураска калтырууга;

7) фонддун аракеттерине сот тартибинде даттанууга.

(КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-19)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-22)
