# 2-берене. Топтолмо пенсиялык фонду

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205090)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-декабрындагы № 216 "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2019 года № 101 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О накопительных пенсионных фондах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111948)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205090#diff=1075110..1075112>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4968/edition/1075109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205090/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө, 2-берене (28.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-2

---

1. Топтолмо пенсиялык фонду (мындан ары - фонд) - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиянын негизинде пенсиялык төгүмдөрдү тартуу жана пенсиялык төлөмдөр боюнча ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак:

мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу келишимдерине ылайык фонддун катышуучуларын мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча; милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү топтолмолук пенсиялык камсыздандыруу боюнча тутумга катышуучу катары. корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу келишимдерине ылайык фонддун катышуучуларын корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу боюнча; кесиптик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдерге ылайык фонддун катышуучуларын кесиптик пенсиялык камсыздандыруу боюнча.

2. Фонддун катышуучуларын мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча, корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу жана кесиптик пенсиялык камсыздандыруу боюнча фонддун иши ыктыярдуу башталыштарда жүзөгө ашырылат жана пенсиялык төгүмдөрдү топтоону, мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтоолдордун каражаттарын инвестициялоону, фонддун пенсиялык милдеттенмелерин эсепке алууну, фонддун катышуучуларына мамлекеттик эмес пенсияларды дайындоону жана төлөп берүүнү өзүнө камтыйт.

Милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруучу катары фонддун иши пенсиялык топтомдордун каражаттарын топтоону, милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтолмолордун каражаттарын инвестициялоону уюштурууну, камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтомдорунун каражаттарын эсепке алууну, камсыздандырылган адамдарга пенсиянын топтолмо бөлүгүн дайындоону жана төлөп берүүнү өзүнө камтыйт.

3. Фонддор милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча ишти жүзөгө ашыргандыгына карабастан, мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча ишти жүзөгө ашырат.

4. Уюштуруучулар өздөрү түзгөн фонддун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ал эми фонд өзүнүн уюштуруучуларынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

Фонд мүлктөрдү фонддун уставында аныкталган максаттар үчүн пайдаланат.

5. Аманатчылар, катышуучулар, камсыздандырылган адамдар, ошондой эле мамлекет фонддун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ага тете фонд анын аманатчыларынын, катышуучуларынын, камсыздандырылган адамдарынын жана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

(КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-1)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-21)
