# 18-берене. Фонддун иш-милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205090)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-декабрындагы № 216 "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2019 года № 101 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О накопительных пенсионных фондах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111948)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205090#diff=1075110..1075112>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4968/edition/1075109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205090/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө, 18-берене (28.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-18

---

1. Фонд өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына, фонддун уставына жана эрежелерине ылайык жүзөгө ашырат.

2. Фонд төмөнкү иш-милдеттерди аткарат:

1) фонддун эрежелерин иштеп чыгат;

2) пенсиялык келишимдерди, милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу тууралуу келишимдерди, корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу жөнүндө келишимдерди, кесиптик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдерди түзөт;

3) пенсиялык төгүмдөрдү жана пенсиялык топтом каражаттарын топтойт;

4) мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуунун пенсиялык эсебин жүргүзөт;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен пенсиянын топтолмо бөлүгүнүн пенсиялык эсебин жүргүзөт;

6) көрсөтүлгөн эсептердин абалы жөнүндө аманатчыларга, катышуучуларга жана камсыздандырылган адамдарга маалымдайт;

7) фонддун ишин уюштуруучулук, маалыматтык жана техникалык камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр тууралуу башка уюмдар менен келишимдерди түзөт;

8) пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоодо инвестициялык стратегияны аныктайт;

9) уставдык ишти камсыз кылуу үчүн арналган мүлктөрдү түзөт жана анын түзүүчү активдерин инвестициялайт;

10) пенсиялык резервдерди түзөт, пенсиялык резервдердин каражаттарын жайгаштырууну уюштурат жана пенсиялык резервдерди жайгаштырат;

11) пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоону уюштурат жана аларды инвестициялайт;

12) башкаруучу компаниялар, депозитарийлер, мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу жана милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча мамилелердин башка субъекттери жана катышуучулары менен келишимдерди түзөт;

13) башкаруучу компаниянын (башкаруучу компаниялардын) жана депозитарийлердин пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоо боюнча ишинин финансылык натыйжалары жөнүндө отчетторун карайт;

14) башкаруучу компания (башкаруучу компаниялар) жана депозитарийлер менен келишимдерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча бузат;

15) ишенимдүү башкаруу келишими бузулуп (токтотулуп) жаткан башкаруучу компаниянын (башкаруучу компаниялардын) карамагында турган фонддун каражаттарынын сакталышын камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды көрөт;

16) белгиленген тартипте бухгалтердик жана салыктык эсептерди жүргүзөт;

17) фонддун уставдык ишин камсыз кылуу үчүн арналган мүлктөрдүн, мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу жана милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу топтомдорунун каражаттарынын өзгөчөлөнгөн эсебин жүргүзөт;

18) актуардык эсеп-кысаптарды жүзөгө ашырат;

19) катышуучуларга мамлекеттик эмес пенсияларды дайындоону жүргүзөт жана төлөөнү жүзөгө ашырат;

20) пенсияны дайындоо укугу келип чыкканда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандырууну жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык камсыздандырылган адамдарга пенсиянын топтом бөлүгүн дайындоону жүргүзөт жана төлөөнү жүзөгө ашырат;

21) аманатчыларга жана (же) катышуучуларга сатып алуу суммаларын төлөөнү же сатып алуу суммаларын башка фондго которууну, камсыздандырылган адам башка фондго же Соцфондго өткөн учурда пенсиялык топтомдордун каражаттарын которууну жүзөгө ашырат;

22) камсыздандырылган адам каза болгон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын мураскорлоруна төлөөнү жүзөгө ашырат;

23) камсыздандырылган адам туруктуу жашоо үчүн республиканын чегинен тышкары чыгып кеткен учурда пенсиялык топтомдордун каражаттарын төлөөнү жүзөгө ашырат;

24) аманатчылардын пенсиялык төгүмдөрдү толук жана өз убагында төлөөлөрүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;

25) өзүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте маалыматтарды берет;

26) фонддун уставдык ишин камсыз кылуу үчүн башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.

(КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-19)
