# 11-берене. Пенсиялык топтомдордун каражаттары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205090)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-декабрындагы № 216 "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4968/edition/1075109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205090/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө, 11-берене (28.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-11

---

1. Фонддун катышуучуларынын алдындагы милдеттенмелер боюнча өзүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарын түзөт.

Камсыздандырылган адамдардын алдындагы милдеттенмелер боюнча өзүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн фонд милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарын түзөт.

2. Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттары пенсиялык төгүмдөрдүн жана мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоодон түшкөн кирешенин эсебинен түзүлөт.

Милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:

1) камсыздандырылган адамдын арызы боюнча фондго өткөрүп берилген пенсиянын топтолмо бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларынан;

2) инвестициялоодон кирешелерден;

3) келишимдерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка түшүүлөрдөн.

3. Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарына фонддун (фонддун анын катышуучуларынын алдындагы карыздарын кошпогондо), аманатчылардын, камсыздандыруучулардын, башкаруучу компаниялардын (башкаруучу компаниянын), камсыздандырылган адамдарды жана катышуучуларды кошкондо, депозитарийдин жана башка үчүнчү жактардын карыздары боюнча жаза чарасы көрүлүшү мүмкүн эмес; ошондой эле аларга билдирилген талаптарды камсыз кылуу, анын ичинде мүлктү камакка алуу боюнча чаралар колдонулушу мүмкүн эмес.

4. Милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарына фонддун (фонддун камсыздандырылган адамдардын алдындагы милдеттенмелерин кошпогондо) аманатчылардын, камсыздандыруучунун, башкаруучу компаниянын (пенсиялык топтомдордун каражаттарын ишенимдүү башкаруу боюнча анын ишин жүзөгө ашыруу менен байланыштуу келип чыккан милдеттенмелерди кошпогондо), камсыздандырылган адамдарды жана катышуучуларды кошкондо, депозитарийдин жана башка үчүнчү жактардын милдеттенмелери боюнча жаза чарасы көрүлүшү мүмкүн эмес; ошондой эле аларга билдирилген талаптарды камсыз кылуу, анын ичинде мүлктү камакка алуу боюнча чаралар колдонулушу мүмкүн эмес.

5. Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча аманатчылардын, катышуучулардын милдеттенмелерин аткаруу милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес.

6. Милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган адамдардын милдеттенмелерин аткаруу мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча пенсиялык топтомдордун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес.

7. Пенсиялык топтомдордун каражаттары төмөнкү максаттарга гана пайдаланылышы мүмкүн:

1) катышуучулардын жана камсыздандырылган адамдардын пайдасына киреше алуу максатында инвестициялоого;

2) пенсиялык төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга;

3) пенсиялык топтомдордун каражаттарын башка фондго которууга;

4) туура эмес чегерилген пенсиялык төгүмдөрдү жана башка туура эмес чегерилген акча каражаттарын кайтарып берүүгө;

5) башкаруучу компаниянын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөгө;

6) депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөгө;

7) фондду администрациялык башкарууга байланышкан фонддун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөгө.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205090/st-12)
