# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 22-октябрындагы № 120 "2014-жылдын 30-сентябрында, 3-октябрында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 22-октябрындагы № 120 "2014-жылдын 30-сентябрында, 3-октябрында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 120
- Кабыл алынган күнү: 22.10.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.10.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20509>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1505/edition/589838/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20509.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.10.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 22-октябрындагы № 120 "2014-жылдын 30-сентябрында, 3-октябрында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому (22.10.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20509

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 22-октябры № 120

2014-жылдын 30-сентябрында, 3-октябрында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 16-сентябрындагы № 108 токтому менен дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2014-жылдын 30-сентябрында; Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун, Кадамжай районунун Майдан, Ош облусунун Араван районунун Тепе-Коргон айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2014-жылдын 3-октябрында өткөрүлдү. Ноокат, Лейлек, Кадамжай, Араван аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 30-сентябрында жана 3-октябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

3. Тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп эсептелсин (тиркелет).

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 22-октябрындагы № 120 токтомунун тиркемеси

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ТИЗМЕСИ

№

Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы

Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын шайланган башчысынын ФАЖ

Шайлоо өткөрүлгөн күнү

Ош облусу

Ноокат району

1

Кара-Таш

Аманбаев Абдилбакы Тургунбаевич

30.09.2014-ж.

Баткен облусу

Лейлек району

2

Маргун

Баетов Медербек Мурзабекович

03.10.2014-ж.

Кадамжай району

3

Майдан

Нурматов Алтынбек Саитович

03.10.2014-ж.

Ош облусун

Араван району

4

Тепе-Коргон

Жаныкулов Хамракул Жаныкулович

03.10.2014-ж.
