# КР 2013-жылдын 9-декабрындагы № 214 ""Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 9-декабрындагы № 214 ""Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 214
- Кабыл алынган күнү: 09.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205088>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4966/edition/482466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205088.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 9-декабрындагы № 214 ""Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы (09.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205088

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 9-декабры № 214

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205088/st-1)

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз) Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 7-статьянын 3-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү "жазуу жүзүндө" деген сөздөрдөн кийин "токтоосуз" деген сөз менен толукталсын.

2. 13-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына кирүүгө виза берүү жөнүндө өтүнүчүн кароо мөөнөтү беш жумушчу күндөн ашык эмести түзөт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205088/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
