Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 05.12.2013 редакциясы
"Туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 395-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырманчы абзац менен толукталсын:
"туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - туризм чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;".
2. 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Кыргыз Республикасынын туризм жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын туризм жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана ушул Мыйзамдын негизинде кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылардан турат.".
3. 3-статьянын алтынчы абзацында "туризмди башкаруунун мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдарынын" деген сөздөр "туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 10-статьяда:
2-бөлүгүндө "Туризмди башкаруучу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-бөлүгүндө "туризмди башкаруучу мамлекеттик органга" деген сөздөр "туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөргө алмаштырылсын; 5-бөлүгүндө "туризмди башкаруучу мамлекеттик органга" деген сөздөр "туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 15-статьяда:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Туризм чөйрөсүндөгү адистерди кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн багыттарынын жана адистиктеринин мамлекеттик классификаторлору тарабынан белгиленген адистиктер боюнча жогорку кесиптик жана орто кесиптик окуу жайлар тарабынан, ошондой эле туристтик индустрияны өнүктүрүүнүн керектөөлөрүнө ылайык башка адистиктердин бүтүрүүчүлөрүн адистештирүү жолу менен жүзөгө ашырылат."; 2-бөлүгүндө "туризмди башкаруучу мамлекеттик орган" деген сөздөр "туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-бөлүгүндө "мамлекеттин жана" деген сөздөр "туризм чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органга каралган каражаттардын жана" деген сөздөргө алмаштырылсын. 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
6. 16 жана 17-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-статья. Туризм чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык Туризм чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 05.12.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Туризм жөнүндөЗакон · 25.03.1999 · № 34
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205085/st-1" title="1-берене - "Туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>