# КР 2009-жылдын 26-майындагы № 167 ""Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 26-майындагы № 167 ""Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205080>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4959/edition/764868/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205080.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 26-майындагы № 167 ""Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205080

---

КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 26-майы № 167

"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205080/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору , 1997-ж., № 10, 471-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 25-2-статьянын 1-пунктунун экинчи сүйлөмү "аброй тобокелдигин" деген сөздөрдөн кийин ",терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди ачыкка чыгаруу (адалдоо) схемасына банктарды тартуу тобокелдигин" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 39-статьянын 1-пункту "Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын" деген сөздөрдөн кийин ","Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди ачыкка чыгарууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын" деген сөздөр менен толукталсын.

3. 42-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргызстан банкы терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди ачыкка чыгарууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички көзөмөлдү уюштуруу маселелери боюнча Кыргызстан банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банктардын жана башка финансылык-кредиттик мекемелердин ишмердигине инспекциялоону жүргүзөт жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалыматты терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди ачыкка чыгарууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт.".

4. 56-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4. Банктар террористтик же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын операцияларын же бүтүмдөрүн "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди ачыкка чыгарууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жана мөөнөттө токтотот.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205080/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банкы өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
