# КР 2009-жылдын 11-майындагы № 153 ""Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 11-майындагы № 153 ""Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 11.05.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205079>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4958/edition/479466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205079.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 11-майындагы № 153 ""Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (18.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205079

---

Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-июнундагы № 85 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 11-майы № 153

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205079/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 12. 1009-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 5-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Премьер-министр депутат боло албайт, мамлекеттик, муниципалдык кызматта башка кызмат орундарын ээлей албайт; эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен башкача каралбаса, мамлекеттик, муниципалдык, коомдук жана жеке уюмдардагы, мекемелердеги жана ишканалардагы кызматтарда кызмат ордун ээлей албайт.".

2. 9-статьянын 4-пунктунун үчүнчү абзацындагы "4-бөлүгүндө" деген сөздөр "4-пунктунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 18-статьянын 1-бөлүгүнүн 4-пунктчасы "жеке өзү ишкердик иш жүргүзүүгө" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен башкача каралбаса," деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205079/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205079/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
