Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85 "О Правительстве Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-06-18.
Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-июнундагы № 85 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 11-майы № 153
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 12. 1009-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 5-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Премьер-министр депутат боло албайт, мамлекеттик, муниципалдык кызматта башка кызмат орундарын ээлей албайт; эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен башкача каралбаса, мамлекеттик, муниципалдык, коомдук жана жеке уюмдардагы, мекемелердеги жана ишканалардагы кызматтарда кызмат ордун ээлей албайт.".
2. 9-статьянын 4-пунктунун үчүнчү абзацындагы "4-бөлүгүндө" деген сөздөр "4-пунктунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 18-статьянын 1-бөлүгүнүн 4-пунктчасы "жеке өзү ишкердик иш жүргүзүүгө" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен башкача каралбаса," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон