# 3-берене. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмегинин аныкталышы жана бекитилиши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205077)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 145 "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112571)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112571); 20.07.2017 [Закон КР от 20 июля 2017 года № 135 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О придании особого статуса отдельным приграничным территориям Кыргызской Республики и их развитии"](https://aqlex.ai/kg/doc/111642)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205077#diff=1246434..1246435>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205077/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4956/edition/1246432/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205077/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө, 3-берене (06.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205077/st-3

---

Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмегине чек ара аймактарында жайгашкан төмөнкү калктуу конуштар кирет:

- социалдык-экономикалык өнүгүүсү төмөн, калктын жашоо деңгээлинин төмөндүгүнүн жана элдин агылып кетишинин кесепетинен кырдаал туруктуу эмес болгон;

- табигый-климаттык шарттары оор, өздөштүрүлүүсү начар жана аймактын негизги бөлүгүнө жетүү кыйын болгон;

- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келип чыгуу тобокелдиги, алардын кесепеттери негизги улуттук кызыкчылыктарга олуттуу зыян келтириши жана Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө, аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине түздөн-түз таасир этиши мүмкүн болгон.

Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Мында Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмегине ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык критерийлерге ылайык келген калктуу конуштар киргизилет. (КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 135, 2023-жылдын 6-апрелиндеги N 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Караңыз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу” токтому;

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205077/st-21)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205077/st-4)
