3-берене. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмегинин аныкталышы жана бекитилиши
Күчүндө · 06.04.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмегине чек ара аймактарында жайгашкан төмөнкү калктуу конуштар кирет:
- социалдык-экономикалык өнүгүүсү төмөн, калктын жашоо деңгээлинин төмөндүгүнүн жана элдин агылып кетишинин кесепетинен кырдаал туруктуу эмес болгон;
- табигый-климаттык шарттары оор, өздөштүрүлүүсү начар жана аймактын негизги бөлүгүнө жетүү кыйын болгон;
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келип чыгуу тобокелдиги, алардын кесепеттери негизги улуттук кызыкчылыктарга олуттуу зыян келтириши жана Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө, аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине түздөн-түз таасир этиши мүмкүн болгон.
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Мында Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмегине ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык критерийлерге ылайык келген калктуу конуштар киргизилет. (КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 135, 2023-жылдын 6-апрелиндеги N 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Караңыз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу” токтому;
Берененин тексти 06.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере местного самоуправления"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 июля 2017 года № 135 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О придании особого статуса отдельным приграничным территориям Кыргызской Республики и их развитии"Редакцияларды салыштыруу
06.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Мында Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ … келген калктуу конуштар киргизилет.
(КР 2017-жылдын 20-июлундагы № алынып салынды: 135 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 135, 2023-жылдын 6-апрелиндеги N 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын … жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу” алынып салынды: токтомукошулду: токтому;
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесин аныктоонун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Положение · 06.07.2022 · № 359
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймакта- рын аныктоо жана тизмесин бекитүү тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Респуб- ликасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын…Положение · 09.09.2019 · № 463 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205077/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>