# КР 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 206 ""Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды какмакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 206 ""Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды какмакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205073>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4952/edition/480671/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205073.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 206 ""Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды какмакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205073

---

КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 85 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

2013-жылдын 25-ноябры № 206

«Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды какмакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу 1 -берене.

"Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 12, 501 -ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 9-статьянын аталышы "улуттук коопсуздук органдарынын" деген сөздөрдөн кийин «жана баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын» деген сөздөр менен толукталсын.

2. 15-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Камакта кармоочу жайларда режимди камсыз кылуу максатында ички иштер органдары, жазык-аткаруу тутумунун органдары, улуттук коопсуздук органдары жана баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан бекитилген Ички тартиптин эрежелери (мындан ары - Ички тартиптин эрежелери) колдонулат."

3. 40-статьянын 1-бөлүгү "ички иштер органдарынын" деген сөздөрдөн кийин "жана бангизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр менен толукталсын.

4. 44-статьянын 1-бөлүгү "коргонуу органдарынын" деген сөздөрдөн кийин «, бангизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205073/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Президент Кыргызской Республики

А. Атамбаев
