Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «1979-жылдын 23-июнунда Бонн шаарында кол коюлган Жапайы жаныбарлардын орун которуштуруучу түрлөрүн сактоо боюнча конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 22-ноябры № 205
1979-жылдын 23-июнунда Бонн шаарында кол коюлган Жапайы жаныбарлардын орун которуштуруучу түрлөрүн сактоо боюнча конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө
1-берене.
1979-жылдын 23-июнунда Бонн шаарында кол коюлган Жапайы жаныбарлардын орун которуштуруучу түрлөрүн сактоо боюнча конвенцияга кошулсун.
2-берене.
1979-жылдын 23-июнунда Бонн шаарында кол коюлган Жапайы жаныбарлардын орун которуштуруучу түрлөрүн сактоо боюнча конвенциянын жоболорун ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Кыргыз Республикасынын улуттук органы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын улуттук органы 1979-жылдын 23-июнунда Бонн шаарында кол коюлган Жапайы жаныбарлардын орун которуштуруучу түрлөрүн сактоо боюнча конвенциянын илимий кеңешинин мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынан квалификациялуу экспертти дайындайт.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 1979-жылдын 23-июнунда Бонн шаарында кол коюлган Жапайы жаныбарлардын орун которуштуруучу түрлөрүн сактоо боюнча конвенцияга Кыргыз Республикасы кошулгандан кийин республикалык бюджеттин каражаттарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мүчөлүк акысын каржылоону карасын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 1979-жылдын 23-июнунда Бонн шаарында кол коюлган Жапайы жаныбарлардын орун которуштуруучу түрлөрүн сактоо боюнча конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулгандыгы жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнө депонирлесин.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана кабыл алынган жылдан кийинки жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР Жогорку Кеңешинин 2013 жылдын 24 октябрындагы № 3517-V "Бонн шаарында 1979-жылдын 23-июнунда кол коюлган орун которуштурган жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо боюнча…Постановление · 24.10.2013 · № 3517-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013 жылдын 24 октябрындагы № 3518-V "Бонн шаарында 1979-жылдын 23-июнунда кол коюлган орун которуштурган жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо боюнча…Постановление · 24.10.2013 · № 3518-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013 жылдын 24 октябрындагы № 3519-V "Бонн шаарында 1979-жылдын 23-июнунда кол коюлган орун которуштурган жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо боюнча…Постановление · 24.10.2013 · № 3519-V
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 347 "1979-жылдын 23-июнунда Бонн шаарында кол коюлган Орун которуштурган жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо боюнча конвенцияга Кыргыз…Постановление · 13.06.2013 · № 347
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу" токтомуПостановление · 08.04.2014 · № 202 · Күчүн жоготкон