Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 22-октябры № 118
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу Органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 8-октябрындагы № 240-б тескемеси менен Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Максүт уулу Асанбек, Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2014-жылдын 16-октябрындагы № 292-б буйругу менен Көлдүк айыл өкмөтүнүн башчысы М.С. Молдокасымов өздөрүнүн берген арыздарынын негизинде ээлеген кызмат ордуларынан бошотулган. Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясы өткөрүлгөн. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо тиркемеге ылайык 2014-жылдын 10-ноябрына саат 10-00 дайындалсын.
2. Ат-Башы, Өзгөн, Жумгал аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 22-октябрындагы № 118 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органынын башчыларын шайлоолорду өткөрүүнүн графиги
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоо датасы жана убактысы
Нарын обласу
Ат-Башы району
1
Ак-Талаа
10.11.2014-ж., саат 10-00
Ош обласу
Өзгөн району
2
Көлдүк
10.11.2014-ж., саат 10-00
Нарын обласу
Жумгал району
3
Көк-Ой
10.11.2014-ж., саат 10-00
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 125 "Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону…Постановление · 20.11.2014 · № 125
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 127 "2014-жылдын 24-октябрында, 10-ноябрында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча…Постановление · 20.11.2014 · № 127
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 129 "2014-жылдын 21-октябрында, 10-ноябрында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча…Постановление · 27.11.2014 · № 129
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 27.12.2011 · № 423
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон