Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-берене. Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ишти жүзөгө ашырган уюмдарга карата талаптар
Күчүн жоготкон · 02.08.2016 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 августа 2016 года № 160.
1. Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жай коопсуздугу жаатындагы иштерди жүзөгө ашырган уюмдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ченемдик укуктук актылар менен белгиленген өнөр жай коопсуздугунун талаптарын аткарууга;
2) тийиштүү квалификациялык талаптарга ылайык келген, бул иште иштөөгө медициналык тыюу салуулары жок, өнөр жай коопсуздугу жаатында даярдалган жана аттестацияланган кызматкерлерге кооптуу өндүрүштүк объектте иштөөгө уруксат берүүгө;
3) ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын жана ыйгарым укуктарына ылайык алар тарабынан берилүүчү анын кызмат адамдарынын тескемелерин (көрсөтмөлөрүн, кабарлоолорун) аткарууга;
4) кооптуу өндүрүштүк объекттерди мамлекеттик реестрге каттоо үчүн зарыл маалыматтарды берүүгө;
5) имараттардын жана курулмалардын өнөр жай коопсуздугуна экспертиза жүргүзүүгө, тоо-кен жана жер астындагы геологиялык чалгындоо иштерин өнүктүрүү пландарын макулдашууга, кооптуу өндүрүштүк объекттерде колдонулуучу курулмаларды жана техникалык түзүлүштөрдү, анын ичинде техникалык ресурсу иштетилип бүткөн техникалык түзүлүштөрдү андан аркы коопсуз эксплуатациялоонун мүмкүн болгон убактысын аныктоо үчүн техникалык регламенттерде белгиленген мөөнөттө диагностикалоого, сыноого, күбөлөндүрүүгө;
6) тийиштүү техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык зарыл приборлордун жана өндүрүштүк процесстерди контролдоо тутумдарынын болушун жана иштөөсүн камсыз кылууга;
7) кооптуу өндүрүштүк объектини эксплуатациялоодо зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчилик тобокелин камсыздандыруу келишимин түзүүгө;
8) кооптуу өндүрүштүк объектиге бөлөк адамдардын киришине жол бербөөгө;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте өндүрүштүк контролду уюштурууга жана жүзөгө ашырууга;
10) авариянын кесепеттерин локализациялоо жана жоюу боюнча иш-чараларды пландоого жана жүзөгө ашырууга, авариялардын себептерин иликтөөдө мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүүгө;
11) кесипкөй авариялык-сактоочу кызматтар (кошуундар) менен тейлөө келишимдерин түзүүгө, ал эми Кыргыз Республикасынын "Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Мыйзамында каралган учурларда - өздөрүнүн кесипкөй авариялык-сактоочу түзүмдөрүн жана кызматкерлердин ичинен штаттан тышкары авариялык-сактоо түзүмдөрүн түзүүгө;
12) авариялардын кесепеттерин локализациялоо жана жоюу үчүн каржы каражаттарынын жана материалдык ресурстардын резервине ээ болууга;
13) байкоо, кабарлоо, байланыш тутумдарын жана авария учурунда жеке коргонуу каражаттарын түзүүгө жана тийиштүү абалда кармоого;
14) объектидеги авариялардын, жарылгыч материалдардын жана күчтүү таасир берүүчү уулуу заттардын жоголушунун жана өндүрүштөгү кырсыктардын себептерин техникалык иликтөөгө катышууга;
15) өндүрүштөгү авариялар, инциденттер жана кырсыктар, алардын болгон себептери жана көрүлгөн чаралар жөнүндө ыйгарым укуктуу органдарга маалымат берүүгө;
16) кооптуу өндүрүштүк объектинин каржылык-экономикалык иш планын иштеп чыгууда өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуу чыгымдарын алдын-ала кароого;
17) кооптуу өндүрүштүк объектинин кызматкерлеринин штатынын комплектиленишин иштерди коопсуз аткаруу үчүн керектүү санда камсыз кылууга;
18) кооптуу өндүрүштүк объекттерде техникалык түзүлүштөрдү колдонуунун техникалык регламенттерде каралган тартибин жана шарттарын сактоого.
2. Жарылгыч заттар өндүрүлүүчү, пайдаланылуучу (колдонулуучу) жана сакталуучу кооптуу өндүрүштүк объекттерди эксплуатациялоочу уюмдар алардын эсепке алынышын жана сакталышын тийиштүү техникалык регламентте белгиленген тартипте камсыз кылышат.
Берененин тексти 02.08.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 235 "Кыргыз Республикасында химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун эл аралык тутумун киргизүү…Постановление · 22.04.2015 · № 235 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 11.10.2012 · № 171 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 35
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205069/st-9" title="9-берене - Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>