# 7-берене. Кооптуу өндүрүштүк объектини долбоорлоого карата талаптар

- Документ: [Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/205069)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 16-ноябрындагы № 202 "Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.08.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 августа 2016 года № 160 "О промышленной безопасности опасных производственных объектов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111439)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205069/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4948/edition/736577/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205069/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 7-берене (02.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205069/st-7

---

1. Кооптуу өндүрүштүк объектини курууга, кеңейтүүгө, кайра конструкциялоого, техникалык кайра жабдууга, консервациялоого жана жоюуга долбоордук документтерде (мындан ары - долбоордук документтер) өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуу, авариялардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин локализациялоо боюнча талаптар жана иш-чаралар зарыл негиздемелер жана эсептөөлөр менен камтылууга тийиш. Ушул эле талаптар объектини консервациялоо жана жоюу процессинде жана аларды аяктоодо сакталууга тийиш.

2. Долбоордук документтерде курулуштун өзгөчө татаал геологиялык жана гидрогеологиялык шарттарын, сейсмикалуулугун, жер көчкү жана башка кубулуштарды эске алуу менен өндүрүштүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча негиздүү жана жетиштүү чечимдер каралат.

3. Долбоордук документтер жана ага киргизилүүчү өзгөртүүлөр өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынан өтүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205069/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205069/st-8)
