5-берене. Техникалык жөнгө салуу объекттери
Күчүн жоготкон · 02.08.2016 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 августа 2016 года № 160.
1. Техникалык жөнгө салуу объекттерине кооптуу өндүрүштүк объектини куруу, эксплуатациялоо, кеңейтүү, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу процесстери кирет, анда:
1) төмөнкүдөй кооптуу заттар алынат, пайдаланылат, кайра иштетилет, жасалат, сакталат, ташылат, жок кылынат:
а) от алгыч заттар - нормалдуу басымда жана аба менен аралашканда от алуучу жана нормалдуу басымдагы кайноо температурасы Цельсия боюнча 20 же андан төмөн градусту түзгөн газдар;
б) кычкылдантуучу заттар - кычкылдантуучу-калыбына келтирүүчү экзометриялык реакциянын натыйжасында башка заттардын күйүшүн шарттаган жана (же) от алышына өбөлгө түзүүчү заттар;
в) күйүүчү заттар - өзүнөн өзү тутанып кете турган, ошондой эле оттуктун булагынан тутануучу жана аны алып салгандан кийин өзүнчө күйө берүүчү суюктуктар, газдар, чаңдар;
г) жарылгыч заттар - белгилүү шарттарда сырткы таасирлердин натыйжасында жылуулук жана газ сымал продуктуларды көп өлчөмдө чыгаруу менен өтө тез болуучу химиялык кубулушка (жарылууга) жөндөмдүү заттар же мындай заттардын аралашмасы;
д) уулуу заттар - тирүү организмдерге таасир этүүдө аларды өлүмгө дуушарлантууга жөндөмдүү жана төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө ээ заттар:
- килограммга 15 миллиграммдан тартып килограммга 200 миллиграммга чейинкини кошуп алганда ашказанга киргенде өлүмгө дуушар кылуучу орточо доза;
- килограммга 50 миллиграммдан тартып килограммга 400 миллиграммга чейинкини кошуп алганда териге тийгенде өлүмгө дуушар кылуучу орточо доза;
- литрге 0,5 миллиграммдан тартып литрге 2 миллиграммга чейинкини кошуп алганда өлүмгө дуушар кылуучу абадагы орточо концентрация;
е) өтө уулуу заттар - тирүү организмдерге таасир этүүдө аларды өлтүрүүчү жана төмөнкүдөй мүнүздөмөлөргө ээ заттар:
- бир килограммга 15 миллиграммдан көп эмес ашказанга киргенде өлүмгө дуушар кылуучу орточо доза;
- бир килограммга 50 миллиграммдан көп эмес териге тийгенде өлүмгө дуушар кылуучу орточо доза;
- бир литрге 0,5 миллиграммдан көп эмес өлүмгө дуушар кылуучу абадагы орточо концентрация;
ж) айлана-чөйрө үчүн кооптуулук келтирүүчү заттар - суулуу чөйрөдө өтө уулуулугу менен мүнөздөлгөн төмөнкүдөй заттар:
- балыктарга 96 саат бою ингаляциялык таасир этүүдө бир литрге 10 миллиграммдан көп эмес өлтүрүүчү орточо доза;
- дафнияларга 48 саат бою таасир этүүдө тийиштүү кесепетти пайда кыла турган уунун бир литрге 10 миллиграммдан көп эмес орточо концентрация;
- балырларга 72 саат бою таасир этүүдө бир литрге 10 миллиграммдан көп эмес орточо ингибирлөөчү концентрация;
2) 0,07 мегапаскалдан ашык басымда же суунун ысуу температурасы Цельсия боюнча 115 градустан ашкан шартта иштеген жабдуу пайдаланылат;
3) стационардуу орнотулган жүк көтөрүүчү механизмдер, эскалаторлор, аркан жолдор, фуникулерлер, лифттер, аттракциондор пайдаланылат;
4) кара жана түстүү металлдардын эритмелери жана ушул эритмелердин негизиндеги куймалар алынат;
5) тоо-кен, геологиялык чалгындоо жана жардыруу иштери, пайдалуу кендерди казуу жана байытуу боюнча иштер, ошондой эле жер астындагы шарттардагы иштер жүргүзүлөт;
6) адамдын жашоо-турмушу жана айлана-чөйрө үчүн кооптуу заттар камтылган тоо-кен-металлургия өндүрүшүнүн калдыктарын көмүү жүргүзүлөт.
2. Кооптуу өндүрүштүк объекттерди идентификациялоону ушул объекттерди эксплуатациялаган уюмдар жүзөгө ашырат.
3. Калктын жашоосунун жана ден соолугунун, айлана-чөйрөнүн коопсуздугу үчүн тобокелдүүлүк даражалары боюнча кооптуу өндүрүштүк объектини бөлүштүрүүнүн критерийлери, ошондой эле аларды мамлекеттик реестрде каттоонун жана идентификациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 02.08.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 235 "Кыргыз Республикасында химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун эл аралык тутумун киргизүү…Постановление · 22.04.2015 · № 235 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205069/st-5" title="5-берене - Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>