2-берене. Негизги түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 02.08.2016 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 августа 2016 года № 160.
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) авария - кооптуу өндүрүштүк объектиде колдонулган курулмалардын, коммуникациялардын, жабдуулардын, транспорттук жана башка техникалык каражаттардын кыйрашы, бузулушу, контролдонбогон жарылуу, өрт же кооптуу заттардын абага чыгышы;
2) кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестри (мындан ары - мамлекеттик реестр) - бирдиктүү методологиялык жана программалык-техникалык принциптерге негизделген жана Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактар же жеке ишкерлер тарабынан (мындан ары - уюмдар тарабынан) эксплуатацияланган кооптуу өндүрүш объекттери жөнүндө маалыматтар камтылган бирдиктүү маалыматтык банк (маалыматтар базасын башкаруу тутуму жана өндүрүштүк объекттердин бирдиктүү маалымат базасы);
3) кооптуу өндүрүштүк объекттерди идентификациялоо (мындан ары - идентификациялоо) - объектини табуу жана кооптуу өндүрүштүк объектинин категориясындагы уюмдун курамына киргизүү жана анын тибин ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык аныктоо;
4) инцидент - кооптуу өндүрүштүк объектиде колдонулган техникалык түзүлүштөрдүн иштебей калышы же бузулушу, технологиялык процесстин режиминен четтеши, кооптуу өндүрүштүк объектиде иш жүргүзүүнүн эрежелерин белгилеген ушул Мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актылардын жоболорунун бузулушу;
5) кооптуу өндүрүштүк объект - адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, алардын мүлкүнө, жаратылыш чөйрөсүнө потенциалдуу кооптуулугу бар, ал авария учурунда ишке ашышы мүмкүн болгон өндүрүштүк объект (ишкана, цех, участок, аянтча, ошондой эле кооптуулугу жогору башка объект);
6) кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жай коопсуздугу (мындан ары - өнөр жай коопсуздугу) - инсандын жана коомдун кооптуу өндүрүштүк объекттердеги авариялардан жана андай авариялардын кесепеттеринен корголгон абалы;
7) техникалык түзүлүш - өндүрүштүк иште пайдаланылуучу тетик (элемент), түйүн (плата, блок), агрегат (тирөөч), механизм, бүтүндөй машина, машиналар тутуму;
8) өнөр жай коопсуздугунун талаптары - ушул Мыйзамда, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларда, анын ичинде техникалык коопсуздукту сактоону камсыз кылуучу техникалык регламенттерде камтылган шарттар, эрежелер, тыюу салуулар, чектөөлөр жана башка аткаруу үчүн милдеттүү талаптар;
9) ыйгарым укуктуу орган - атайын уруксат берүү милдеттери таандык кылынган жана өнөр жайлык коопсуздук жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ченемдик укуктук жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлик органы;
10) ыйгарым укуктуу контролдоочу орган - өнөр жай коопсуздугу жаатында контролдоочу жана көзөмөлдөөчү иш-милдеттер берилген жана өнөр жай коопсуздугу жаатында мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлик органы.
Берененин тексти 02.08.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205069/st-2" title="2-берене - Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>