# 14-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл

- Документ: [Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/205069)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 16-ноябрындагы № 202 "Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.08.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 августа 2016 года № 160 "О промышленной безопасности опасных производственных объектов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111439)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205069/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4948/edition/736577/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205069/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 14-берене (02.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205069/st-14

---

1. Ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл ыйгарым укуктуу контролдоочу орган тарабынан ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышын текшерүү боюнча иш-чаралар формасында жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашырууда ыйгарым укуктуу контролдоочу орган төмөнкүлөргө укуктуу:

1) куруу процессинде техникалык регламенттердин жана долбоордук документтердин талаптарынын сакталышына көзөмөлдү жүзөгө ашырууга;

2) кооптуу өндүрүштүк объекттерде ишти жүзөгө ашырган уюмдарга барууга;

3) кооптуу өндүрүштүк объекттерде ишти жүзөгө ашырган уюмдардын өнөр жай коопсуздугунун талаптарын аткарышын текшерүү үчүн зарыл документтер менен таанышууга;

4) кооптуу өндүрүштүк объекттерде болгон чыр-чатактарга техникалык териштирүү жүргүзүүгө, ошондой эле мындай териштирүүлөрдүн натыйжалары боюнча көрүлүүчү чаралардын аткарылышын текшерүүнү жүзөгө ашырууга;

5) өнөр жай коопсуздугу жаатындагы көрсөтмөлөрдү өз ыйгарым укуктарынын чектеринде берүүгө;

6) айлана-чөйрө үчүн кооптуулук, ал кооптуулукту четтетүүгө чейинки мезгилде авариялардын кызматчылардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч табылган учурда кооптуу өндүрүштүк объектинин ишин токтото турууга;

7) өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын бузулушуна жол берген адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте администрациялык жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө материалдарды укук коргоо органдарына жиберүүгө;

8) өнөр жай коопсуздугун камсыз кылууга багытталган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка аракеттерди жүзөгө ашырууга.

3. Ушул Мыйзамдын талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205069/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205069/st-15)
