# 13-берене. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасы

- Документ: [Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/205069)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 16-ноябрындагы № 202 "Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.08.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 августа 2016 года № 160 "О промышленной безопасности опасных производственных объектов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111439)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205069/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4948/edition/736577/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205069/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 13-берене (02.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205069/st-13

---

1. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынан төмөнкүлөр өткөрүлүүгө тийиш: кооптуу өндүрүштүк объектини курууга, кеңейтүүгө, кайра конструкциялоого, техникалык кайра жабдууга, консервациялоого жана жоюуга карата долбоордук документтер; кооптуу өндүрүштүк объектиде колдонулуучу техникалык түзүлүштөр; кооптуу өндүрүштүк объектидеги имараттар жана курулмалар жана кооптуу өндүрүштүк объектини эксплуатациялоого байланыштуу документтер.

2. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасы аккредитациялоо боюнча улуттук органда аккредитацияланган уюм тарабынан кооптуу өндүрүштүк объектини эксплуатациялоону болжолдоп жаткан же аны эксплуатациялап жаткан уюмдун эсебинен жүргүзүлөт.

Мындай уюмду аккредитациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте жүргүзүлөт.

3. Өнөр жай коопсуздугун экспертизалоо процессинде экспертиза объектисинин ага карата коюлуучу өнөр жай коопсуздугунун талаптарына ылайыктуулугун баалоо жүзөгө ашырылат, өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынын корутундусу анын натыйжасы болуп саналат.

4. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасын жүргүзүүнүн жана корутундусун жол-жоболоштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205069/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205069/st-14)
