# 11-берене. Авариялардын себептерин техникалык териштирүүгө карата талаптар

- Документ: [Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/205069)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 16-ноябрындагы № 202 "Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.08.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 августа 2016 года № 160 "О промышленной безопасности опасных производственных объектов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111439)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205069/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4948/edition/736577/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205069/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 11-берене (02.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205069/st-11

---

1. Кооптуу өндүрүштүк объектидеги авариянын пайда болушунун ар бир фактысы боюнча анын себептерин техникалык териштирүү жүргүзүлөт.

2. Авариянын себептерин техникалык териштирүү тийешелүү өнөр-жай тармагынын ыйгарым укуктуу органынын өкүлү жетектеген атайын комиссия же болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзүүчү мамлекеттик комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

3. Атайын комиссиянын курамына төмөндөгү өкүлдөр киргизилет:

1) аймагында кооптуу өндүрүштүк объекти жайгашкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү;

2) тармактык профсоюздун өкүлдөрү;

3) кооптуу өндүрүштүк объектини эксплуатациялаган уюмдун же болбосо жогору турган уюмдун (эгерде бар болсо) өкүлдөрү.

4. Атайын комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү да кириши мүмкүн.

5. Кооптуу өндүрүштүк объектини эксплуатациялаган уюм авариянын себептерин техникалык териштирүү боюнча комиссияга бардык зарыл маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

6. Авариянын себептерин техникалык териштирүүнүн, техникалык териштирүү боюнча комиссияларды түзүүнүн, аварияны териштирүү актысын жол-жоболоштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

7. Авариянын себептерин техникалык териштирүүгө кеткен чыгымдарды каржылоо авария болгон кооптуу өндүрүштүк объектини эксплуатациялаган уюм тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205069/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205069/st-12)
