# 10-берене. Кооптуу өндүрүштүк объектинин кызматчысына карата талаптар

- Документ: [Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/205069)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 16-ноябрындагы № 202 "Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.08.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 августа 2016 года № 160 "О промышленной безопасности опасных производственных объектов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111439)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205069/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4948/edition/736577/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205069/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 10-берене (02.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205069/st-10

---

Кооптуу өндүрүштүк объектинин кызматчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) кооптуу өндүрүштүк объектиде иш жүргүзүү эрежелерин белгилөөчү ченемдик укуктук актылардын талаптарын жана кооптуу өндүрүштүк объектиде авария же инцидент болгон учурда иш-аракеттердин тартибин сактоого;

2) өнөр жай коопсуздугу жаатында даярдоодон (кайра даярдоодон) жана аттестациядан өтүүгө;

3) медициналык текшерүүдөн өтүүгө;

4) кооптуу өндүрүштүк объектидеги авария же инцидент жөнүндө өзүнүн түздөн-түз жетекчисине же башка кызмат адамдарына билдирүүгө;

5) кооптуу өндүрүштүк объектиде авария же инцидент болгон учурда ишти токтото турууга;

6) кооптуу өндүрүштүк объектидеги аварияны локализациялоо боюнча иштерди жүргүзүүгө катышууга.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205069/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205069/st-11)
