# 1-берене. Максаттары жана колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/205069)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 16-ноябрындагы № 202 "Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.08.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 августа 2016 года № 160 "О промышленной безопасности опасных производственных объектов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111439)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205069/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4948/edition/736577/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205069/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 1-берене (02.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205069/st-1

---

1. Ушул Мыйзам өнөр жай коопсуздугу жаатындагы техникалык жөнгө салуунун негизги жоболорун аныктайт, кооптуу өндүрүштүк объекттерде авариялардын алдын алууга жана анын кесепеттерин локализациялоого уюмдардын даярдыктарын камсыз кылууга багытталган жана төмөнкүлөрдү белгилейт:

1) аларды идентификациялоо ыкмаларын кошуп алганда, техникалык жөнгө салуу объекттерин;

2) кооптуу өндүрүштүк объекттерди долбоорлоо, куруу, эксплуатациялоо, кеңейтүү, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу процесстерин жүзөгө ашыруучу бардык юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн милдеттүү болгон өндүрүштүк коопсуздук талаптарын;

3) кооптуу өндүрүштүк объектини долбоорлоо, куруу, эксплуатациялоо, кеңейтүү, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу процесстеринин шайкештигин баалоо формаларын.

2. Ушул Мыйзам адамдардын, жаныбарлардын ден соолугун сактоо жана өсүмдүктөрдү, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча коопсуздукту камсыз кылуу максаттарында колдонулат.

3. Ушул Мыйзамдын талаптары Кыргыз Республикасынын аймагынын чектеринде жүзөгө ашырылуучу кооптуу өндүрүштүк объектини долбоорлоо, куруу, эксплуатациялоо, кеңейтүү, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу боюнча бардык процесстерге жайылтылат.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205069/st-2)
