Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ ССР ЖОГОРКУ СОВЕТИНИН «»Кыргыз ССРиндеги конституциялык көзөмөл жөнүндө» Кыргыз ССРинин Законун колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «699» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 1995-09-26.
Кыргыз Республикасынын 1995-жылдын 28-июлундагы жана 26-сентябрындагы № 28-I Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ ССР ЖОГОРКУ СОВЕТИНИН ТОКТОМУ
1990-жылдын 14-апрели № 53-XII
"Кыргыз ССРиндеги конституциялык көзөмөл жөнүндө" Кыргыз ССРинин Законун колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралу "Кыргыз ССРиндеги конституциялык көзөмөл жөнүндө" Кыргыз ССРинин Законунун кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Жогорку Совети ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз ССРиндеги конституциялык көзөмөл жөнүндө" Кыргыз ССРинин Закону 1990-жылдын 1-майынан тартып колдонууга киргизилсин.
2. "Кыргыз ССРиндеги конституциялык көзөмөл жөнүндө" Кыргыз ССРинин Законунун 5-статьясында каралган Кыргыз ССРинин конституциялык көзөмөл комитетинин составынын жаңылануу принцибин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз ССРинин конституциялык көзөмөл комитети беш жыл өткөндөн кийин Комитеттин алмаштырылууга тийиш болгон төрт мүчөсүн аныктай тургандыгы жана бул тууралу Кыргыз ССР Жогорку Советине көрсөтүү киргизе тургандыгы белгиленсин. Кийинки шайлоодо Комитеттин ар бир мүчөсү он жылдык мөөнөткө шайланат.
3. Ишин камсыз кылуу шарттары жана укуктарын коргоо маселелери боюнча Кыргыз ССРинин Конституциялык көзөмөл комитетине шайланган адамдар Кыргыз ССР эл депутаттарына теңештирилет.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин Председатели
А.Масалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- О конституционном надзоре в Киргизской ССРЗакон · 14.04.1990 · № 52 · Күчүн жоготкон