# КР 2013-жылдын 6-ноябрындагы № 200 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 6-ноябрындагы № 200 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 200
- Кабыл алынган күнү: 06.11.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.11.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205063>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4945/edition/477864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205063.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 6-ноябрындагы № 200 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (06.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205063

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 6-ноябры № 200

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205063/st-1)

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

23-статьянын 6-бөлүгүңдөгү "50дөн" деген сан "80ден" деген санга алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205063/st-2)

"Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2001-ж., № 6. 193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

4-статьядагы «50» деген сан «80» деген санга алмаштырылсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205063/st-3)

Ушул Мыйзам 2013-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
