# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205061)
- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-октябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 16.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205061/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4943/edition/1096960/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205061/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205061/st-1

---

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1001-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 27-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8 жана 9-бөлүктөр менен толукталсын:

“8. Басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын жок кылгандыгы, бузгандыгы же керектен чыгаргандыгы үчүн жарандар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

9. Басылма үгүттөө материалдары жайларга, имараттарга, курулмаларга жана башка объекттерге көрсөтүлгөн объекттердин менчик ээлеринин макулдугу менен жана шарттарында гана илинсе (чапталса, жайгаштырылса) болот.”.

2. 33-беренеде:

берененин мамлекеттик тилдеги аталышында “берүүчү” деген сөз “берүү үчүн” деген сөздөргө алмаштырылсын; 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “5. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып жаткан, талапкерлерге, байкоочуларга, талапкерлердин, шайлоочулардын топторунун, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кароо үчүн жайдан тышкары добуш берүү үчүн бош көчмө ящиктерди көрсөтөт, алар участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы жана башка мүчөлөрү, катышып жаткан талапкерлер, талапкерлердин, шайлоочулардын топторунун, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар тарабынан кол коюлган, А4 форматындагы мөөр басылган барак менен бекитилет (пломбаланат) жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырасталат. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы бекитилген добуш берүү үчүн ящиктерге контролдук барактарды салат, аларда шайлоо участкасынын номери, контролдук барактарды добуш берүү үчүн ящиктерге салуунун убактысы, төраганын, катчынын жана участкалык шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүнүн, катышып жаткан талапкерлердин, талапкерлердин, шайлоочулардын топторунун, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлөт. Контролдук барактарга ошол адамдар тарабынан кол коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырасталат.”; 9-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “9. Жайдан тышкары добуш берүүнүн аякташы боюнча добуш берүү үчүн көчмө ящиктердин көзөнөктөрү участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы жана башка мүчөлөрү, катышып жаткан талапкерлер, талапкерлердин, шайлоочулардын топторунун, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар тарабынан кол коюлган, А4 форматындагы мөөр басылган барак менен бекитилет (пломбаланат) жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырасталат. Көчмө ящиктер сейфте (шкафта) сакталат, ал мөөр басылып кошумча бекитилет (пломбаланат).”; 10-бөлүктө “Жайдан” деген сөз “Добуш берүү үчүн жайдан” деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 36-берененин 6-бөлүгүнүн биринчи абзацында:

“пломбалардын жана мөөрлөрдүн” деген сөздөр “пломбалардын, мөөрлөрдүн жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, шайлоо ящиктерине мөөр коюуда катышкан адамдардын койгон колдорунун” деген сөздөргө алмаштырылсын; “эртең менен” деген сөздөр алып салынсын.

4. 38-берененин 4-бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

5. 52-беренеде:

1-бөлүгүндө: 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “2) тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун тизмесинен талапкерге;”; бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын: “3) пропорциялуу система боюнча шайлоодо саясий партиянын жетектөөчү органы тарабынан сунушталган саясий партиянын тизмесинен талапкерге же болбосо эгерде саясий партиянын жетектөөчү органы бош мандат пайда болгон күндөн тартып 3 күндүн ичинде ушундай укуктан пайдаланбаса,- саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерге.”; 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын: “12) тиешелүү депутаттык фракциянын сунушунун негизинде саясий партиянын жетектөөчү органы тарабынан чакыртып алынышы.”. (КР ЖC Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 4-июнундагы Чечими менен 1-берененин 5-бөлүгүнүн сегизинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүнө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 110-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 113-беренесинин 3-бөлүгүнө карама каршы келет деп таанылды)

6. 4-главанын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө жана сандык формалардагы “, шайлоочулардын топторунун”, “же тиешелүү шайлоочулардын тобунун” жана “же шайлоочулардын тобу” деген сөздөр алып салынсын.

7. 56-берене күчүн жоготту деп таанылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205061/st-2)
