Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-06-27.
КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 26-октябры № 197
Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Суу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинмн Жарчысы, 2005-ж., № 4, 241-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 2-статьянын отуз үчүнчү абзацындагы "суу чарба курулмаларында же суу фондунун жерлеринде" деген сөздөр "коллектордук-дренаждык тутумдарда, сугарылуучу, чыпкалоочу жана буулантуучу талааларда, жер рельефинде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 6-статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- глобалдуу климапык өзгөрүүлөрдүн суу ресурсгарына таасирин эсепке алуу принциби;".
3. 8-статья төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен суу ресурстарынын абалына келечектүү баа берүүнү бекитүү;".
4. 11-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасы төмөнкүдөй мазмуундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- суу ресурстарын клнматтын өзгөрүшүнө ынгайланпыруу боюнча аракеттерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен суу ресурстарынын абалына келечектүү баа берүүнү беш жылда бир жолудан кем эмес иштеп чыгуу жана кайрадан үзгүлтүксүз каран туруу;".
5. 12-статьяда:
жетинчи - тогузунчу абзашардагы "суу чарба курулмаларына жана суу фондусунун жерлерине" деген сөздөр "коллектордук-дренаждык тутумдарга.
сугарылуучу, чыпкалоочу жана буулантуучу талааларга, жер рельефине" деген сөздөргө алмаштырылсын. статья төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын: "-климаттын жана климаттык профилдин өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча стратегияны беш жылда бир жолудан кем эмес иштеп чыгуу жана мезгил-мезгили менен жаңылап туруу;".
6. 13-статьянын төртүнчү абзацындагы "суу чарба курулмаларына жана суу фондусунун жерлерине" деген сөздөр "коллектордук-дренаждык тутумдарга, сугарылуучу, чыпкалоочу жана буулантуучу талааларга, жер рельефине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. Кодекстин расмий тилдеги текстинин 17-статьясынын 2-пунктунун биринчи абзацындагы "реагирует" деген сөз "регулирует" деген сөзгө алмаштырылсын.
8. 18-статьянын 3-пунктунун төртүнчү абзацы "экономиканын" деген сөздөн мурда "климаттын күтүлгөн өзгөрүүсүн эске алуу менен" деген сөздөр менен толукталсын.
9. 20-статьянын 4-пунктунун экинчи абзацы "бассейндин" деген сөздөн мурда "климаттын күтүлгөн өзгөрүүсүн эске алуу менен" деген сөздөр менен толукталсын. .
10. 52-статьяда:
аталышында жана 1 жана 2-пункттарында "суу чарба курулмаларына жана суу фондусунун жерлерине" деген сөздөр "коллектордук-дренаждык тутумдарга, сугарылуучу, чыпкалоочу жана буулантуучу талааларга, жер рельефине" деген сөздөргө алмаштырылсын. 5-пунктунда "жана суу чарба курулмаларына" деген сөздөр ", коллектордук-дренаждык тутумдарга, сугарылуучу, чыпкалоочу жана буулантуучу талааларга, жер рельефине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 53-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы "суу чарба курулмаларына" деген сөздөр "коллектордук-дренаждык тутумдарга, сугарылуучу, чыпкалоочу жана буулантуучу талааларга, жер рельефине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. 54-статьянын аталышында жана биринчи абзацында "суу чарба курулмаларына жана суу фондусунун жерлерине" деген сөздөр "коллектордук- дренаждык тутумдарга, сугарылуучу, чыпкалоочу жана буулантуучу талааларга, жер рельефине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 27.06.2025 · № 129
- Суу КодексиКодекс · 12.01.2005 · № 8 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексиКодекс · 27.06.2025 · № 128
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 27.06.2025 · № 129