# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 7-октябрындагы № 117 "2014-жылдын 8-сентябрында өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 7-октябрындагы № 117 "2014-жылдын 8-сентябрында өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 07.10.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.10.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20506>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1502/edition/597338/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20506.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.10.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 7-октябрындагы № 117 "2014-жылдын 8-сентябрында өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому (07.10.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20506

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 7-октябры № 117 2014-жылдын 8-сентябрында өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2014-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-августундагы № 102 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоо өткөрүлдү. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42, 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 8-сентябрындагы Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору бекитилсин.

1.2. Нарын облусунун Нарын шаарынын шайланган мэри болуп Адиев Рахат Нурдинович табылсын.

2. Нарын шаарынын шайланган мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов
