# 9-берене. Лицензиялардын жана уруксаттардын типтери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205058)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 февраля 2025 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022675)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 19.02.2025 [Закон КР от 19 февраля 2025 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022675); 06.12.2024 [Закон КР от 6 декабря 2024 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам здравоохранения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230019398); 26.06.2024 [Закон КР от 26 июня 2024 года № 103 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О нотариате")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230009698); 22.04.2024 [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823); 22.04.2020 [Закон КР от 22 апреля 2020 года № 51 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности", "Об инновационной деятельности", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике")](https://aqlex.ai/kg/doc/112059); 04.05.2017 [Закон КР от 4 мая 2017 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О телевидении и радиовещании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111582); 21.05.2015 [Закон КР от 21 мая 2015 года № 109 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111152); 31.12.2014 [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 179 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205400)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058#diff=23418..27305>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4940/edition/1279710/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205058/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө, 9-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-9

---

Лицензиялар жана уруксаттар төмөнкү белгилер боюнча айырмаланат:

1) колдонуу убактысы боюнча:

а) мөөнөтсүз - колдонуу мөөнөтү чектөөсүз берилүүчү;

б) убактылуу - белгилүү бир мөөнөткө берилүүчү. Лицензияны колдонуу мөөнөтүн чектөө чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу жана тышкы соода ишин жүзөгө ашыруу лицензияларына карата, ошондой эле ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 7, 17, 18, 32-35-пункттарында каралган лицензияларга жана 17-беренесинин 2, 12-14, 26, 27-1, 29 жана 31-пункттарында каралган уруксаттарга карата, ошондой эле атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Улуттук банк тарабынан берилүүчү лицензияларга карата гана берилет.

2) колдонуунун аймактык чөйрөсү боюнча:

а) колдонулушу Кыргыз Республикасынын бардык аймагына, ошондой эле эл аралык келишимдердин негизинде республиканын чегинен тышкары жайылтылат;

б) колдонулушу Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагы менен чектелген жана чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдаланууга лицензияларга, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Улуттук банк тарабынан атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында берилүүчү лицензияларга, жеке нотариалдык ишти жүзөгө ашыруу лицензияларына карата, ошондой эле ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 12 жана 35-пункттарында каралган лицензияларга гана карата киргизилген;

в) колдонулушу лицензиялануучу ишти жүзөгө ашыруучу аймак менен чектелген жана ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 7 жана 8-пункттарында каралган лицензияларга карата гана киргизилген;

3) ээликтен ажыратуу боюнча:

а) ээликтен ажыратылбагандар:

б) ээликтен ажыратылгандар (чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу лицензияларына гана карата киргизилет).

4) формасы боюнча:

а) кагаз жүзүндө жол-жоболоштурулган лицензия;

б) электрондук лицензия - электрондук документ түрүндө жол-жоболоштурулган лицензия.

5) иштин көлөмү жана укуктардын жыйындысы боюнча (товарларды экспорттоодо жана импорттоодо):

а) башкы лицензиялар;

б) бир жолку лицензиялар;

в) өзгөчө лицензиялар.

(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 179, 2015-жылдын 21-майындагы № 109, 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 51, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 26-июнундагы № 103, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195, 2025-жылдын 19-февралындагы № 41, 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-10)
