# 7-берене. Лицензиялоону киргизүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205058)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023272)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058#diff=27305..28784>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4940/edition/1279710/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205058/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө, 7-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-7

---

1. Иштин айрым түрлөрүнө лицензиялоону киргизүү, же алып салуу ушул Мыйзамда каралган лицензиялоо киргизилген иштин түрлөрүнүн тизмегине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жолу менен гана мүмкүн.

2. Иштин айрым түрлөрү үчүн лицензиялоону киргизүү ушул Мыйзамдын 5 жана 6-беренелеринде каралган принциптердин жана критерийлердин негизинде гана мүмкүн.

3. Эл аралык милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу иштин түрлөрүн албаганда, иштин белгилүү бир түрлөрүнө лицензиялоону киргизүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуу таасири Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген методикага ылайык милдеттүү талданууга жатат.

4. Экономикалык абалды жакшыртуу максатында өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети иштин айрым түрлөрүн лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүүгө укуктуу.

(КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-8)
