# 6-берене. Лицензияланууга тийиш болгон иштин түрлөрүн аныктоонун критерийлери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205058)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 января 2022 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "Об организации страхования в Кыргызской Республике")](https://aqlex.ai/kg/doc/112344)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058#diff=1279729..1279730>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4940/edition/1279710/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205058/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө, 6-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-6

---

1. Лицензиялоо төмөнкү учурларда киргизилет:

1) эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тобокелдиктерди баалоо методикасынын негизинде ишти мамлекеттик жөнгө салуунун башка ыкмалары, бул ишти жүзөгө ашырууда адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүү тобокелдигин төмөндөтпөй тургандыгы далилденсе;

2) чектелген мамлекеттик ресурстарды сарамжал башкаруу үчүн.

2. Лицензиялык жөнгө салууну киргизүү зарылчылыгынын негизделиши ушул беренеде аныкталган критерийлер менен түздөн-түз байланышта болууга тийиш.

(КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-7)
