# 5-берене. Лицензиялоонун принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205058)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 февраля 2025 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022675)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058#diff=23418..27305>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4940/edition/1279710/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205058/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө, 5-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-5

---

1. Лицензиялоону киргизүүнүн принциптери:

1) лицензиялоону киргизүүнүн далилдүүлүгү;

2) лицензия же уруксат берилүүчү бирдиктүү ажырагыс процесске кирген аракеттин айрым түрлөрүнө же операцияларга лицензияларды же уруксаттарды берүүгө тыюу салуу.

2. Лицензиялоонун принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) лицензиялоо жол-жоболорунун ачыктыгы, айкындуулугу;

2) менчигинин түрүнө карабастан, бардык жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар үчүн лицензия жана (же) уруксат берүүнүн бирдей негиздери жана шарттары;

3) ушул Мыйзамда аныкталган иштин түрлөрүн гана лицензиялоо;

4) лицензия берүүчүлөргө ушул Мыйзамга ылайык лицензиялоого тийиш болгон ишке байланыштуу кошумча лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүүгө тыюу салуу;

5) эгер башкасы далилденбесе жана документтер менен негизделбесе, лицензия берүүчүнүн ак ниеттүүлүгүн таануу;

6) рынокто монополизмдин күчөшүн же лицензиялоодо ишкердик иштин эркиндигин чектөөнү болтурбоо;

7) эл аралык келишимдерге ылайык келген шарттарда башка мамлекеттерден алынган же бир тараптуу тартипте таанылган Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган лицензияларды жана (же) уруксаттарды таануу;

8) ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурларды албаганда, кабыл алынган техникалык регламенттин жөнгө салуу чөйрөсүнө кирген иштин түрүн лицензиялоо техникалык регламент күчүнө кирген учурдан тартып жокко чыгарылат;

9) лицензиялануучу иштин белгилүү бир түрүнүн жарандык жоопкерчилигинин милдеттүү камсыздандыруусун киргизүүдө лицензияны жокко чыгаруу;

10) ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык лицензиялоонун натыйжалуулугун мезгилдүү (ар бир беш жылда) баалоо;

11) лицензиялык контролду республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана жүзөгө ашыруу. Лицензия берүүчүлөргө лицензиялык контролдоону (мониторингди) лицензия алуучунун каражаттарынын жана мүлкүнүн эсебинен жүзөгө ашырууга тыюу салуу;

12) автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана эл аралык жүк ташууларды жүзөгө ашыруу боюнча иштерди албаганда, лицензия алуучу менен эмгек келишиминин негизинде иштеген жеке жактар үчүн өз алдынча лицензия алууга талаптардын жол берилбестиги.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 19-февралындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-6)
