4-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 02.07.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: арыз ээси – ушул Мыйзамга ылайык лицензия жана (же) уруксат алуу үчүн лицензиялоочу органга кайрылган жеке же юридикалык жак; лицензиялоо – лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүү, кайрадан жол-жоболоштуруу, токтотуп коюу, кайра жаңылоо жана жокко чыгаруу менен байланышкан процесс; лицензия – ушул Мыйзамга ылайык аларга карата мамлекеттик лицензиялоо киргизилген ишти жүзөгө ашыруу укугун ырастоочу документ; лицензия берүүчү – ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан лицензиялоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген орган; лицензия алуучу – лицензия жана (же) уруксат алган жеке же юридикалык жак; лицензиялык контроль – иштин лицензиялануучу түрүнүн чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын лицензиялык талаптардын сакталышын текшерүү боюнча иши; чектелген мамлекеттик ресурстар – мамлекетке таандык болгон ресурстар, анын ичинде айкын мүнөздөмөлөргө ээ, сан жагынан өлчөнүшү жана акчалай бааланышы мүмкүн болгон, чектелген же ордуна келбей турган жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттери, радиожыштык спектри; уруксат – иш процессинде айрым аракеттерди жүзөгө ашыруу укугун ырастоочу, мамлекеттик орган (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген кандай болбосун башка юридикалык жак) тарабынан берилүүчү документ; лицензиялардын жана уруксаттардын реестри – кагаз жүзүндө жана электрондук форматта лицензиялоо жүзөгө ашырылуучу иштин түрлөрү боюнча лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтар базасы; тобокелдик – адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке зыян келтирүүчү, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка коркунуч келтирүүчү жагымсыз окуянын келип чыгуу ыктымалдыгы; (Абзац КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) электрондук лицензия жана (же) уруксат – кагаз жүзүндөгү лицензияга жана (же) уруксатка мааниси бирдей, маалыматтык технологияларды пайдалануу менен жол-жоболоштурулуучу жана берилүүчү электрондук документ формасындагы лицензия жана (же) уруксат. лицензиялардын жана уруксаттардын автоматташтырылган (электрондук) бирдиктүү реестри - электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн бөлүгү болуп саналган лицензиялардын жана уруксаттардын автоматташтырылган маалыматтар базасы.
иштин лицензиялануучу түрү - аны жүзөгө ашыруу үчүн ушул Мыйзамга ылайык лицензия жана (же) уруксат алуу талап кылынган, аткарылуучу иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү, иш-аракеттерди жана операцияларды камтыган иштин түрү; лицензияга тиркеме - лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналган, лицензия алуучунун иштин лицензиялануучу түрүн түзгөн иштерди жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга болгон укугун ырастоочу документ;
(КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11, 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 02.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 января 2022 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "Об организации страхования в Кыргызской Республике")Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 06.10.2012 · № 169
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 11.10.2012 · № 171 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205058/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>