# 30-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну кайра жаңылоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205058)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4940/edition/1279710/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205058/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө, 30-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-30

---

1. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптарды бузуулар жоюлган шартта лицензия жана (же) уруксатты колдонуу токтотулган мөөнөт аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып же болбосо лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптарды бузуулар мөөнөтүнөн мурда жоюлган учурда, лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу токтотулган белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин лицензия берүүчү тарабынан кайра жаңыланат.

2. Табылган лицензиялык талаптарды бузуулар мөөнөтүнөн мурда жоюлган учурда лицензия алуучу бул жөнүндө лицензия берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлайт жана лицензиялык текшерүүнү демилгелейт.

3. Лицензия берүүчү табылган бузуулардын жоюлушуна лицензиялык текшерүүнү лицензия алуучунун бузууларды мөөнөтүнөн мурда жоюу жөнүндө билдирүүсүн алган күндөн тартып отуз күндүк мөөнөттө же болбосо беш жумушчу күндөн кечиктирбестен жүргүзөт жана текшерүүнүн натыйжалары боюнча лицензия алуучуга лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну кайра жаңылоо, же болбосо тийиштүү негиздеме менен аны кайра жаңылоодон баш тартуу жөнүндө чечимин жазуу жүзүндө жиберет жана тийиштүү маалыматтарды реестрге киргизет.

4. Лицензияны же (жана) уруксатты колдонуу бул тууралуу маалыматтар реестрге киргизилген күндөн тартып кайра жаңыланган болуп эсептелет.

5. Лицензия алуучу лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну кайра жаңылоодон баш тартуу жөнүндө лицензия берүүчүнүн чечимине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-31)
