# 28-берене. Лицензиялык контроль

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205058)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023272)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058#diff=27305..28784>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4940/edition/1279710/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205058/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө, 28-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-28

---

1. Лицензиялык контроль лицензия алуучунун ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо белгиленген лицензиялык талаптарды сактоосун текшерүү максатында тийиштүү лицензия берүүчү тарабынан жүргүзүлөт жана ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу ишкердиктин субъекттеринин ишин текшерүүлөргө кирбейт. Лицензиялык контроль жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

2. Лицензиялык контроль лицензиялык текшерүү формасында жүргүзүлөт.

3. Лицензиялык текшерүүлөр төмөнкүлөргө бөлүнөт:

1) лицензияга чейинки текшерүүлөр - керек учурларда, арыз ээси лицензия алганга чейин, ошондой эле лицензиянын тиркемесин берүүнүн алдында лицензиялануучу иштин билдирилген түрүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон адистердин, жайлардын, транспорттун, жабдуулардын жана документтердин бар экендигине лицензия берүүчү тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөр;

2) лицензиядан кийинки пландуу текшерүүлөр - лицензиялардын колдонулуу мезгилинде лицензия берүүчү тарабынан лицензия алуучунун лицензиялык талаптарды сактоосу боюнча жүргүзүлүүчү текшерүүлөр;

3) лицензиядан кийинки пландан тышкары текшерүүлөр - лицензия алуучу лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө жеке жана юридикалык жактардан арыздар келип түшкөндө жана (же) лицензияланууга тийиш болгон иштин түрүнө лицензия албастан жеке жана (же) юридикалык жак иш жүргүзүп жаткандыгы жөнүндө маалыматтар келип түшкөндө лицензия берүүчү тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөр, мурдагы лицензиялык контролдун жыйынтыктары боюнча лицензиялык талаптардын бузулуусун аныктоо жана жоюу боюнча пландан тышкаркы лицензиялык контролду жүзөгө ашыруу.

Лицензиялык контролдоо лицензия берүүчүнүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү формадагы лицензиялык текшерүү баракчасын милдеттүү түрдө колдонуусу менен жүргүзүлөт.

4. Лицензиялык текшерүүнү жүргүзүүнүн предмети болуп арыз ээсинин лицензиялык талаптарга шайкештигин изилдөө, ошондой эле лицензия алуучу лицензиялык талаптарды аткаруусун текшерүү, мурдагы текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган бузуулардын лицензия алуучу тарабынан жоюлушун текшерүү, лицензия алуучунун өзүнө карата текшерүү жүргүзүү жөнүндө арызы боюнча текшерүү, ошондой эле лицензия алуучунун лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө маалыматтарды ырастоочу документтерди жана материалдарды тиркөө менен лицензия алуучунун лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө жеке же юридикалык жактын арызы боюнча текшерүү саналат.

5. Лицензияга чейинки текшерүү лицензиялануучу иш жүргүзүлө турган ар бир объектти текшерүүнү камтыйт.

Ушул Мыйзамдын 18-беренесинин 1, 12 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык лицензиянын тиркемесин алуу үчүн лицензияга чейинки текшерүү кабарлоо алынган учурдан тартып он жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.

6. Пландуу лицензиялык текшерүүлөр текшерүү жүргүзүү планына ылайык жылына 1ден көп эмес жолу лицензия берүүчү тарабынан жүргүзүлөт, ал лицензия берүүчү органдын буйругу менен бекитилет. Буйрук текшерүү жүргүзүлгөн жылдан мурунку жылдын 15-декабрына чейин лицензиялоочу органдын расмий сайтына жайгаштырылат.

Лицензиялык текшерүүлөрдүн планы айрым лицензия алуучулардын лицензия алган датасын, мурда жүргүзүлгөн пландуу жана пландан тышкаркы лицензиялык текшерүүлөрдүн натыйжаларын, лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптардын бузулгандыгы жөнүндө тастыкталган арыздардын санын, ошондой эле лицензия берүүчү тарабынан аныкталган критерийлерди эске алуу менен бир жылга түзүлөт. Лицензиялык текшерүүлөрдүн планын түзүү критерийлери лицензия берүүчү тарабынан бекитилет жана лицензия берүүчүнүн расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш.

7. Лицензия алуучуну пландан тышкаркы текшерүү төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлөт:

1) лицензиялык талаптардын аныкталган бузууларын жоюу жөнүндө лицензиялоочу органдын мурда берген тиешелүү актысын лицензия алуучу аткара турган мөөнөттүн аякташы;

2) лицензиялоочу органга лицензия алуучунун лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө маалыматтарды тастыктаган документтерди жана материалдарды тиркөө менен лицензия алуучунун лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө жарандардан, анын ичинде жеке ишкерлерден, юридикалык жактардан кайрылуулардын, арыздардын, мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жалпыга маалымдоо каражаттарынан маалыматтардын келип түшүүсү;

3) ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык лицензиянын колдонулушу токтотулуп турган мөөнөттүн аякташы;

4) лицензиялык талаптардын аныкталган бузууларын мөөнөтүнөн мурда жоюу фактысын белгилөө максатында лицензиялоочу орган тарабынан пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү жөнүндө лицензия алуучунун өтүнүч катынын болушу.

8. Лицензиялык талаптар аткарылбаган учурда лицензия берүүчү лицензия алуучуга төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдоно алат:

1) эскертүү;

2) айып;

3) лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуп туруу;

4) лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арызын берүү.

9. Лицензиялык талаптарды бир жолу бузгандыгы үчүн лицензия берүүчү эскертүү берүү түрүндөгү таасир этүү чарасын колдонууга укуктуу.

10. Лицензиялык талаптарды эки жолу бузгандыгы үчүн лицензия берүүчү айып салуу түрүндөгү таасир этүү чарасын колдонууга укуктуу.

11. Айып салуу түрүндөгү таасир этүү чарасы Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-29)
