# 27-берене. Чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензияларды таануу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205058)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 января 2022 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "Об организации страхования в Кыргызской Республике")](https://aqlex.ai/kg/doc/112344)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058#diff=1279729..1279730>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4940/edition/1279710/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205058/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө, 27-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-27

---

1. Чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензияларды Кыргыз Республикасынын аймагында таануу лицензияларды өз ара таануу тартибинде, эл аралык макулдашуулардын негизинде лицензияларды автоматтуу түрдө таануу тартибинде, ошондой эле бир тараптуу тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан иштин айрым түрлөрүнө берилген лицензиялар лицензиялоонун кошумча жол-жоболорун жүргүзүүсүз жана улуттук лицензия берүүсүз (банк чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларды албаганда) лицензия берүүчү тарабынан бул тууралуу маалыматтарды реестрге киргизүү жолу менен Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга жарактуу деп таанылат.

3. Чет мамлекетте берилген лицензиялар бул лицензияларды Кыргыз Республикасынын аймагында бир тараптуу тартипте таанылуучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү лицензиялардын тизмегине кирген шартта бир тараптуу тартипте таанылат.

Чет мамлекеттердин лицензия берүүчүлөрү тарабынан берилген, лицензиялык талаптары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга окшош же жогору болгон лицензиялар гана Кыргыз Республикасынын аймагында бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмегине киргизилет. Кыргыз Республикасынын аймагында бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмегинде лицензиялардын жана бул лицензияларды берген мамлекеттердин аталыштары камтылууга тийиш. Чет мамлекеттин лицензия берүүчүсү тарабынан берилген лицензияны бир тараптуу таануу ушул беренеде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

4. Лицензияны таануу жол-жобосу берилген лицензиялардын жана документтердин аныктыгын текшерүү жана лицензияны таануу жөнүндө маалыматтарды реестрге киргизүү жол-жобосуна негизделет.

5. Чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген лицензияны колдонууну Кыргыз Республикасынын аймагында таануу жөнүндө маалыматтардын реестрине киргизүү үчүн лицензия алуучу төмөнкү документтерди берүү менен лицензияны таануу жөнүндө арыз менен тийиштүү лицензия берүүчүгө кайрылат:

1) чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу адамы тарабынан берилген лицензиянын түп нускасын жана көчүрмөсүн;

2) субъекттин ишинин мыйзамдуулугун ырастоочу документтерди (келип чыккан өлкөдөгү мамлекеттик каттоо).

Көрсөтүлгөн документтер мамлекеттик жана расмий тилдеги котормосу менен чет өлкөлүк расмий документтерди консулдук легалдаштыруу талаптарына ылайык күбөлөндүрүлүүгө тийиш же апостиль коюлушу керек.

6. Лицензия берүүчү берилген документтерди текшерүүнү беш жумушчу күндүн ичинде жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн лицензиянын колдонулушун таануу жөнүндө маалыматты реестрге киргизет.

7. Эгерде чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген лицензияны колдонуу мөөнөтү чектелген учурда, Кыргыз Республикасынын аймагында таанылган лицензияны колдонуу чет мамлекет тарабынан берилген лицензияны колдонуу мөөнөтүнө жараша чектелүүгө жатат.

8. Анын лицензиясы белгиленген тартипте таанылган лицензия алуучу тарабынан жөнгө салынууга жаткан иштин тийиштүү түрүн жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген лицензиялык талаптар бузулган учурда, лицензия берүүчү ушул Мыйзамга ылайык көрсөтүлгөн лицензияны Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушун өз чечими менен токтото турушу же болбосо алар боюнча лицензия алуучу лицензиянын колдонулушун токтото турган себептер белгиленбеген учурда лицензия берүүчүнүн кайрылуусунун негизинде сот тартибинде жокко чыгарылышы мүмкүн.

9. Лицензия алуучу таанылган лицензияны колдонулушун токтотуп коюу жөнүндө лицензия берүүчүнүн чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу.

(КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-28)
