# 26-берене. Лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205058)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4940/edition/1279710/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205058/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө, 26-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-26

---

1. Лицензияны жана (же) уруксатты жоготкондо, бузуп алганда лицензия алуучу лицензия берүүчүгө жөнөтүлүүчү жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын алууга укуктуу. Лицензияны жана (же) уруксатты бузуп алган учурда арызга лицензиянын жана (же) уруксаттын бузулган бланкы да тиркелет.

2. Лицензиянын жана (же) уруксаттын жоголгон, бузулган бланкалары лицензия алуучу тарабынан арыз берилген күндөн тартып жараксыз деп эсептелет.

3. Лицензия берүүчү арыз берилген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде жогорку оң жагындагы бурчунда “Дубликат” деген жазуусу бар лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берет.

4. Лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүүдөн баш тартуусу тууралуу лицензия берүүчүнүн чечимине лицензия алуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-27)
