26-берене. Лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүү
Күчүндө · 02.07.2026 редакциясы · 3-глава
1. Лицензияны жана (же) уруксатты жоготкондо, бузуп алганда лицензия алуучу лицензия берүүчүгө жөнөтүлүүчү жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын алууга укуктуу. Лицензияны жана (же) уруксатты бузуп алган учурда арызга лицензиянын жана (же) уруксаттын бузулган бланкы да тиркелет.
2. Лицензиянын жана (же) уруксаттын жоголгон, бузулган бланкалары лицензия алуучу тарабынан арыз берилген күндөн тартып жараксыз деп эсептелет.
3. Лицензия берүүчү арыз берилген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде жогорку оң жагындагы бурчунда “Дубликат” деген жазуусу бар лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берет.
4. Лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүүдөн баш тартуусу тууралуу лицензия берүүчүнүн чечимине лицензия алуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
Берененин тексти 02.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- "Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө Убактылуу Жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-сентябрындагы № 520 токтому…Положение · 02.09.2014 · № 520
- Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 661 токтомуна ылайык) убактылуу…Временное положение · 12.12.2016 · № 661 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-апрелиндеги № 203 "Кыргыз Республикасында жеке медициналык ишти лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 04.04.2017 · № 203 · Күчүн жоготкон
- Отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-июлундагы…Временное положение · 24.07.2021 · № 87 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Положение · 29.12.2015 · № 894 · Күчүн жоготкон
- Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө Убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 497 токтому менен…Положение · 15.07.2015 · № 497 · Күчүн жоготкон
- Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө Убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 59 токтому менен…Временное положение · 03.02.2017 · № 59 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205058/st-26" title="26-берене - Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>