# 24-берене. Лицензия жана (же) уруксат берүү жөнүндө арызга тиркелүүчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарды өзгөртүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205058)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4940/edition/1279710/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205058/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө, 24-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-24

---

1. Лицензия алуучу ушул Мыйзамдын 23-беренесинде каралган лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуп саналбаган, лицензияны жана (же) уруксатты берүү жөнүндө арызга тиркелүүчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын бардык өзгөрүүлөрү тууралуу лицензия берүүчүгө кабарлоого милдеттүү.

2. Кабарлоо өзгөрүүлөр пайда болгондон кийин көрсөтүлгөн өзгөрүүлөрдү тастыктоочу документтердин түп нускалары же алардын көчүрмөлөрү менен (текшерүү үчүн алардын түп нускаларын берүү менен) бирге он жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө берилет.

3. Лицензия берүүчү кабарлоо келип түшкөн датадан тартып үч жумушчу күндүн ичинде реестрге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-25)
