# 23-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205058)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 декабря 2024 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам здравоохранения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230019398)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.12.2024 [Закон КР от 6 декабря 2024 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам здравоохранения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230019398); 31.12.2019 [Закон КР 31 декабря 2019 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О банкротстве (несостоятельности)")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111987)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058#diff=13991..23418>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4940/edition/1279710/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205058/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө, 23-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-23

---

1. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштуруу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1) юридикалык жакты кайра уюштуруу;

2) юридикалык жактын аталышынын өзгөрүүсү;

3) жеке жактын фамилиясынын, атынын, атасынын атынын өзгөрүүсү;

31) ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 7 жана 8-пункттарында каралган лицензияларга карата лицензиялануучу ишти жүзөгө ашыруучу жердин географиялык аталышын (даректерин) өзгөртүү;

4) лицензиянын ээликтен ажыратылышы;

5) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтүнүн узартылышы.

6) юридикалык жакты кайра түзүмдөштүрүү.

2. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиздер пайда болгондо лицензия алуучу арыз менен кайрылууга милдеттүү.

3. Тийиштүү өзгөртүүлөрдү ырастоочу документтерди тиркөө, кайра жол-жоболоштуруунун негиздерин жана жаңы маалыматтарды көрсөтүү менен лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштуруу жөнүндө арыз лицензия берүүчүгө лицензия алуучу тарабынан кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиздер пайда болгон күндөн тартып он беш жумушчу күндөн кечиктирилбестен берилет.

4. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштуруу лицензия берүүчү тарабынан тийиштүү арыз кабыл алынган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде жүзөгө ашырылат. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштурууда лицензия берүүчү реестрге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет.

5. Эгерде лицензия убактылуу болсо кайра жол-жоболоштурулган лицензиянын мөөнөтү мурдагы лицензияда көрсөтүлгөн колдонуу мөөнөтүнөн ашпашы керек.

(КР 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-24)
