# 21-берене. Лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205058)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023272)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.02.2025 [Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023272); 21.01.2022 [Закон КР от 21 января 2022 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "Об организации страхования в Кыргызской Республике")](https://aqlex.ai/kg/doc/112344)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058#diff=27305..28784>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4940/edition/1279710/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205058/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө, 21-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-21

---

1. Лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартууга төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1) субъекттердин бул категориясы үчүн иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашырууга мыйзамда каралган тыюу салуу болсо;

2) арыз ээсине иштин ушул түрү менен алектенүүгө тыюу салган соттун чечими болсо;

3) арыз ээси тарабынан так эмес же толук эмес маалымат берилсе;

4) эгерде арыз ээси берген документтер ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе;

5) лицензияны жана (же) уруксатты кароо жана берүү үчүн мамлекеттик алымдын төлөнбөшү.

2. Лицензия берүүчү баш тартуунун толук негиздерин баяндоо менен бир жолу гана жазуу жүзүндө баш тартуу берүү укугуна ээ.

3. Ушул берененин биринчи бөлүгүнүн 3-5-пункттарында көрсөтүлгөн баш тартуунун негиздери жокко чыгарылган учурда, арыз кайрадан каралууга тийиш. Мында арызды кароонун жана лицензияны жана (же) уруксатты берүүнүн мөөнөтү кайрадан кароого арыз берилген күндөн тартып эсептеле баштайт.

Арыз берүүчүнүн мурда каралган документтери боюнча баш тартууга жол берилбейт.

4. Ушул беренеде каралбаган башка негиздер боюнча лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартууга тыюу салынат.

5. Лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартылган учурда лицензия берүүчү лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн белгиленген мөөнөттөрдө баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен кабыл алынган чечим жөнүндө жазуу жүзүндө лицензия жана (же) уруксат алуучуга кабарлоого милдеттүү.

(КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11, 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-22)
