# 20-берене. Арыздарды кароонун жана лицензия жана (же) уруксат берүүнүн мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205058)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 179 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205400)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058#diff=1279710..1279711>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4940/edition/1279710/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205058/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө, 20-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-20

---

1. Лицензия берүүчү Кыргыз Республикасына чектеш өлкөлөр менен эл аралык макулдашууну талап кылуучу радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна лицензия берүүчү учурларды албаганда, бардык зарыл документтер менен арызды берген күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен лицензия жана (же) уруксат берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

2. Лицензия жана (же) уруксат берүү же аларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим лицензия берүүчүнүн тийиштүү актысы менен жол-жоболоштурулат.

3. Лицензиялоочу орган лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн белгиленген мөөнөттө лицензия жана (же) уруксат берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдин кабыл алынгандыгы тууралуу арыз ээсине кабарлоого милдеттүү.

Лицензия жана (же) уруксат берүү же берүүдөн баш тартуу тууралуу кабар арыз ээсине жазуу жүзүндө жөнөтүлөт (тапшырылат).

4. Берилген лицензиялар жана (же) уруксаттар жөнүндө маалыматтар лицензия берүүчү тарабынан лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүү жөнүндө тийиштүү чечимдин негизинде реестрге киргизилүүгө тийиш. Лицензия жана (же) уруксат ал жөнүндө маалыматтар реестрге киргизилген күндөн тартып расмий берилген болуп эсептелет. Лицензия берүүчү лицензия берген күнү лицензияны жана (же) уруксатты берүү жөнүндө маалыматты реестрге киргизет.

5. Ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 36-пункту жана 17-беренесинин 11-пункту менен каралган лицензияларды жана уруксаттарды кошпогондо, эгерде лицензия берүүчү ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөрдө арыз ээсине лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлабаса, анда лицензия жана (же) уруксат берилди деп эсептелинет. Лицензия берүүчү лицензияны жана (же) уруксатты берүү үчүн мөөнөт аяктаган датадан кийинки күндөн кечиктирбестен лицензия жана (же) уруксат берүү жөнүндө маалыматтарды реестрге киргизүүгө жана арыз ээсине суралып жаткан лицензияны жана (же) уруксатты берүүгө милдеттүү.

6. Арыз ээси белгиленген мөөнөттөрдө лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартууну же лицензиянын жана (же) уруксаттын өзүн албаган учурда, лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган датадан тартып отуз календардык күндүн ичинде лицензия берүүчүгө өзү билдирген иштин түрүн жүзөгө ашырууну баштагандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт.

(КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-21)
