# 18-берене. Лицензия жана (же) уруксат алуу үчүн зарыл документтер

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205058)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023272)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.02.2025 [Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023272); 21.01.2022 [Закон КР от 21 января 2022 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "Об организации страхования в Кыргызской Республике")](https://aqlex.ai/kg/doc/112344)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058#diff=27305..28784>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4940/edition/1279710/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205058/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө, 18-берене (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-18

---

1. Лицензия жана (же) уруксат алуу үчүн арыз ээси тийиштүү лицензия берүүчүгө төмөнкүлөрдү көрсөтөт же маалыматтык технологиялар аркылуу жөнөтөт:

1) белгиленген формадагы арызды;

2) жеке жак үчүн – инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсүн;

3) юридикалык жак жана жеке ишкер үчүн – мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;

4) арызды кароо жана лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн мамлекеттик алымды төлөгөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсүн;

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо каралган документтердин көчүрмөлөрүн.

11. Лицензия берүүчү зарыл болгон документтерди компетенттүү мамлекеттик органдардан ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу суратып алат, ал эми аларды алуу мүмкүн болбогон учурда зарыл документтер арыз ээси тарабынан кагаз жүзүндө берилүүгө же жөнөтүлүүгө тийиш.

12. Иштин айрым түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн жана тиркемени алуу зарылдыгын эске алуу менен лицензия алуучу маалыматтык технологиялар аркылуу тийиштүү лицензия берүүчүгө кабарламаны, ошондой эле иштин лицензиялануучу түрүнүн алкагында кошумча аткарылуучу жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, иш-аракеттерди жана операцияларды жана (же) ишти жүзөгө ашыруунун жаңы объектисинин дарегин көрсөтүү менен зарыл документтерди берет.

2. Арыз ээси лицензия жана (же) уруксат алуу үчүн маалыматтык технологиялар аркылуу кайрылган учурда, арыз ээси лицензия берүүчүнүн сайтында же Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелеринде белгиленген тартипте Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында белгиленген формадагы арызды толтурат. Бул учурда, арыз ээси арызды жана электрондук форматта берилген документтердин тизмегин кабыл алуу датасын көрсөтүү менен документтердин кабыл алынгандыгы жөнүндө ырастоону алат.

3. Арыз ээси лицензия берүүчүгө электрондук лицензияны жана (же) уруксатты берүү жөнүндө бул тууралуу арызда көрсөтүү менен кайрыла алат.

4. Лицензия берүүчү тарабынан ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралбаган документтерди аларга каршы келбеген бөлүгүндө көрсөтүүнү арыз ээсинен талап кылууга тыюу салынат.

(КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11, 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205058/st-19)
